Башкы прокуратура: "Бишкек-Кара-Балта жолунан 104 миллион сом кымырылган"

Башкы прокуратура 5-июнда Бишкек—Кара-Балта жолун куруу учурунда мамлекетке 104 миллион сом зыян келтирилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан "Бишкек—Кара-Балта авто жолун реконструкциялоо" долбоорунун алкагындагы иштердин көлөмү текшерилген.

"Натыйжада көчөгө жарык бере турган 450 темир мамы, 36 парапет, эки аялдама, темир торлор, асфальт бетону жана башка мүлктөр жетишсиз болуп чыкты. Ошондой эле асфальт жука төшөлгөнү аныкталды. Жалпысынан мамлекетке 104 миллион 81 миң 600 сом зыян келтирилген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) боюнча кылмыш ишин козголгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан