Бишкекте Жапаров менен Катар Эмиринин расмий жолугушуу аземи башталды

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи башталды.

Белгилүү болгондой, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү.

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эки өлкө лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Тамим бин Хамад Аль Тани расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Маалымдалгандай, эки өлкөнүн башчылары тар жана кең форматта сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында айыл чарба, энергетика жана башка тармактар боюнча бир катар документтерге кол коюу мерчемделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан