Фрунзе көчөсүндөгү тилкеге газ берүү өчүрүлөт. Себеби – жаңы газ түтүгүнө кайра туташуу

«Бишкекгаз» газ кызматы Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жайгаштырылган жаңы газ түтүгүнө абоненттерди кайра туташтырууга даярданууда. Буга байланыштуу, «Бишкекгаз» Москва көчөсү – Жибек жолу проспектиси жана Осмонкул көчөсү – Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта жашаган абоненттерге 2023-жылдын 21-июнунан тартып жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын билдирет.

Жумуштар 4 этапта жүргүзүлөт, ар бир этап аяктаган соң абоненттерге кезеги менен жаратылыш газын берүү калыбына келтирилет. Бардык этаптардын аяктоо күнү 2023-жылдын 9-июлуна пландаштырылган. Кайра кошуу процессин тездетүү үчүн кошумча «Чуйгаз» жана «Севертрансгаз» филиалдарынын кызматкерлери дагы тартылат.

Фрунзе көчөсүндөгү иштер борбор калаанын газ бөлүштүрүүчү инфраструктурасын жаңылоо боюнча газ кызматынын иш-чаралар планына кирет. Совет доорунда орнотулган орто басымдагы жер астындагы газ түтүгү 40 жылдан ашык убакыт бою кызмат өтөп, дээрлик толугу менен эскирген. Ошондуктан буга чейин узундугу 5,9 км болгон жаңы газ өткөргүч түтүгү орнотулуп, ага пландаштырылган иштердин алкагында Фрунзе көчөсүндөгү бул тилкеде жайгашкан шаардыктардын үйлөрүнө жаратылыш газын берүүнү камсыз кылган 16 газорегулятордук шкаф кайра туташтырылат.

«Газпром Кыргызстан» филиалдары Бишкек шаарында гана эмес, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунун айрым тилкелеринде дагы газ бөлүштүрүүчү инфраструктураны жаңыртуунун үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Алсак, 2016-жылдан бери 100 км эскирген газ түтүктөрү алмаштырылды.

«Бишкекгаз» шаардыктарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жаңы газ түтүгүнө кайрадан туташтыруу ушул райондо жаратылыш газын ишенимдүү жана коопсуз берип туруу үчүн зарыл болгон чара болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан