Актёр Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманова кыздуу болушту. Бул тууралуу жаш жубайлар социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдиришти.
Анда "Мадалена кыйынсың, сүйөм сени", - деп жазган Нуркул Адылбеков.
Эске салсак, Нуркул Адылбеков менен Мадалена Абдрахманова 2022-жылы 8-июлда баш кошушкан. Актриса белгилүү актёрлор Арнис Кыдырмышев менен Альбина Имашованын тун кызы.