MEGA балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын Ысык-Көлгө алып барып келди

2023-жылдын жайкы туристтик сезонунун ачылышына карата уюштурулган кайрымдуулук акциясынын алкагында, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору КРдин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу катчылыгынын жардамы менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар социалдык мекемелеринин тарбиялануучулары үчүн Ысык-Көл облусуна бир күндүк тур уюштурду.

Иш-чаранын негизги максаты - багуусуз жана жетим калган балдарга колдоо көргөзүү болуп саналат. Компаниянын менеджменти балдардын бир эмес эки кыялын ишке ашырууну чечти, ал поездге түшүү жана Ысык-Көлгө баруу.

«Ушундай иш-чаралар көпкө чейин созулган салтка айланып, ал эми башка компаниялар да бул жөрөлгөнү ишке ашырып турууларын каалайт элек», - деп белгиледи MEGA компаниясынын башкы директорунун орун басары Эркинбек Баяманов.

Ысык-Көлгө жалпысынан 135 бала барды. Сапарды балдар менен чогуу ыктыярчылар жана аниматорлордон тышкары атактуу спортчулардан жана ырчылардан турган жылдыздуу десанттар да коштоп барышты.

MEGA компаниясы атайын мекемелердин тарбиялануучуларынын өнүгүүсү жана коомго аралашуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү аракетинде байма-бай жардамдарды көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан