Дүйнөгө белгилүү SPAR тармагынын биринчи супермаркеттеринин Кыргызстанда ачылышына саналуу гана күндөр калды. Ата мекендик “Умай Групп” компаниясы анын республикалык расмий өкүлү болду. Буга чейин маалымдалгандай, алгачкы эки дүкөн июль айында Бишкек жана Балыкчы шаарларында ачылат.
Өзүнүн дээрлик кылымдык тарыхында компания эркин европалык сооданын принциптерин жана салттарын сактоо менен чек араларын кеңейтүүнү улантууда. Бүгүнкү күндө эл аралык түйүн чекене тармагынын төрт континенттеги 48 өлкөдө 13,6 миңден ашык дүкөнү бар.
SPAR башка тармактардан эмнеси менен айырмаланат
Чынын айтканда, Кыргыз элин жаңы дүкөндөрдүн ачылышы менен таң калтыруу кыйын. Бирок SPAR – бул өзгөчө жагдай.
SPAR наабайканасында жасалгандарды кадимки сөз менен «нан азыктары» деп айтууга болбойт. Бул – көркөм азык эксклюзивдүү рецепттер менен табигый азыктардан, жасалма кошулмаларсыз, технология жана стандарттарга ылайык жасалган.
SPAR`да сиз жеке өндүрүштөгү пирожный жана торттордун өзгөчө даамдарын тата аласыз. Ар дайым жаңы жана ар кандай кошулмалар менен даамдуу азыктар. Кыргызстандагы SPAR кондитерлери өз ишинин чыныгы чеберлери тарабынан даярдалып, тарбияланган.
SPAR`дан сиз ар дайым даамдуу жана тоюмдуу тамактардын кеңири ассортиментин таба аласыз: пайдалуу эртең мененки тамактар жана толук кандуу бизнес-ланчтар, оригиналдуу салаттар жана закускалар, ар кандай гарнирлер, түшкү жана кечки тамактын же идеалдуу майрамдык дасторконду тейлөө үчүн улуттук тамак-аштардын түрлөрү.
Жаңы деңгээлге чыгуу
SPAR`дын Кыргызстанга келиши жергиликтүү керектөөчүлөргө эл аралык дистрибьютор тармагынын жеке маркаларына европалык сапаттагы продукцияга жеткиликтүү баада жетүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет.
Өзүнүн чек араларын кеңейтүү жана өз өндүрүшүн өнүктүрүү менен SPAR жергиликтүү рыноктогу камсыздоочуларга жана фермерлерге артыкчылык жасайт. Бул ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгуусун жана өз продукциясын эл аралык SPAR бренди менен чыгаруусун шарттап,сатууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет.
Дагы бир маанилүү жагдай,компания соода тармагына заманбап ыкмаларды киргизүү менен катар кызматкерлердин кесиптик даярдыгына өзгөчө көңүл бурат.
Муну менен тармак цивилизациялуу сооданы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө гана эмес, Кыргызстанда өзүнүн адистештирилген кадрларынын калыптанышына да салым кошууда.
Эл аралык бренддердин Кыргызстан рыногуна кириши өзгөчө маанилүү. Бул сатып алуучулардын жаңы нерсеге жетүүсү гана эмес, республиканын инвестициялык жагымдуулугуна кошкон чоң салымы.
Кыргызстандагы SPAR жаңылыктарынан кабардар болуңуз!