ЭкоЖаша: глобалдуу ой жүгүртүп, жеринде салым кошолу

Дүйнө жүзүндө он адамдын ичинен тогузу булганган аба менен дем алышат. Бул адамдын ден соолугуна зыян келтирип, анын өмүрүн кыскартууда. БУУнун расмий маалыматтарына ылайык, жыл сайын болжол менен 7 миллионго жакын адам абанын булганышына байланышкан оорулардан жана илдеттерден көз жумат. Бул, мисал үчүн, жол кырсыгынан каза тапкандардын санынан беш эсе көп дегенди билдирет.

Экологиялык көйгөйлөр ар бир адамга таасирин тийгизүүдө

Планетанын экосистемалары биздин жашообузду колдоп тургандыктан, алар адамзаты үчүн абдан маанилүү. Бирок булгануудан жана ресурстарды ойлонбостон керектөөдөн улам глобалдык жылуулук барган сайын бизге жакындап, суу ташкыны, жер титирөө, кар көчкү, күндүн адаттан тыш ысышы өңдүү башка көптөгөн табигый кырсыктар болуп жатат.

Бишкек планетадагы эң булганыч шаарлардын рейтингинде ондон ашык жолу сап башына чыккан. Бул Кыргызстанда экологияга байланышкан жалгыз көйгөй эмес. Ушул күндөрү суу кризиси жаратылыш ресурстарына кам көрүү канчалык маанилүү болгонун улам эсибизге салып жатат. Шаарга суу жетпей, аны жеткирген тамырлары куурап, аба ырайынын шарттарынан улам ресурстук суу сактагычтарга келген агым бир нече эсе азайды. “Ушул тапта сууга байланыштуу кырдаал татаал, бирок өтө оор эмес”, – деп айтты журналисттерге вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев. Калк суусуз калганда муну өтө оор кырдаал деп бааласа болот. Адаттан тыш аптап, же өтө катуу суук – барган сайын жаңылыктардан ушул кубулуштар жөнүндө көп окуп калдык.

Жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн, мисалы, ак илбирстин толугу менен жок болуп кетүү коркунучу, адамдын буту сейрек баскан жапайы токойлордун жоголушу, өрт басылбаган таштанды жайлары, желим таштандыга толгон тоо боюндагы дарыялар жана көлдөр, Майлуу-Суудагы экологиялык апаат – табигый кырсыктардын бул тизмесинин аягы көрүнбөйт. Экологиялык көйгөйлөр баарыбыз жашаган үйгө баш багып, ар бир кыргызстандыктын жашоосуна олуттуу түрдө таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнө көп таасирин тийгизбеген, бирок мындан өзгөчө көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан биз климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Биз бул көрүнүштү азыртадан токтотуп калууга кудуретибиз жетет.

Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылынын тургуну, ыктыярчы Аида Ибраева 20 аялдан турган топ түзгөн. Тар-Суу жана Шабдан айылдарында жашаган аялдардын башын бириктирген бул топ 1 гектар жерге чычырканактын көчөттөрүн отургузуп чыккан. Жаратман аялдар жапайы жаратылышта эркин өскөн чычырканакты тамырынан кыйбастан отургузуп, өстүрүп алуу максатын көздөшүүдө.

“Акыркы жылдары табиятта болуп жаткан өзгөрүүлөр бизге таасирин тийгизип жатканы талашсыз. Мисалы, кышында кар аз жаайт, ал эми кар болбосо, суу да аз болот. Чычырканакты отургузуп жатканыбыздын дагы бир себеби мына ушунда. Себеби 2-3 жылдан кийин ага көп суу талап кылынбай калат. Ошондой эле биз малыбызды сатып, балчылыкка жана балык чарбасына өтө баштадык, себеби аарыга тоют камдоонун кажети жок, аларга көз салып, карап отурбаса деле болот, бул болсо ишти кыйла жеңилдетет эмеспи”, – деди Аида Ибраева.

Биз эмнелерди жасай алабыз?

- Ар бир адам айлана-чөйрөнү коргоо үчүн жоопкерчиликти баамдап, мунун маанисин түшүнүп, планетаны жашылдандырууга өз салымын кошо алат. Глобалдуу ой жүгүртүп, жеринде иш алып баруу – табиятка жардам берүүнүн бир ыкмасы.

Мөмө-жемиш ширелерин, этти, шоколадды, пальма майын жана башка азыктарды өндүрүү үчүн миллиондогон тирүү жандыктар жашаган токойлор толугу менен кыйылып жатат. Пахтаны өнөр жай максатында өстүрүүнүн натыйжасында көлмөлөр жоголуп, бул болсо климаттын өзгөрүшүн тездетип, ар кайсы өлкөлөрдөгү көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөртүүдө. Ошондуктан биз эмнелерди, канча көлөмдө сатып алып жатканыбызга бул товарларды өндүрүү планетабыздын жашоосуна кандайча таасирин тийгизгенине көз салууга тийишпиз, башкача айтканда, жасаган иш-аракетибиз үчүн жоопкерчиликти алышыбыз керек.

Жаратылыштын булгануусу – адамдын гана колунан келген иш, ыргытылган ар бир желим баштыктын изи жүздөгөн жылдарга калып жатат. Таштанды төгүүчү жайлар – бул дагы биздин колубузда. Таштандыны сорттоп, экологиялык жол менен бөлүштүрүү адаты жапырт көрүнүшкө айланганда гана глобалдык деңгээлде жардам бере алат. Сууну, электр энергиясын үнөмдөп, экологиялык транспортту тандоо – мунун баары планетанын масштабынан алып караганда көптөгөн көйгөйлөрдү чече алат. Ошондуктан, мүмкүн болушунча көп адамдар кырдаалдан кабардар болуп, экологиялык адаттарды өздөштүрүп алганы маанилүү маселе.

Мисалы, Чүй облусунун Лебединовка айылынын тургуну Алмаз Бараталиев калдык калтырбаган, энергияны үнөмдөгөн технологияларга өтүүнү чечип, экологиялык үй курду. “Биздин жаратылыш түбөлүктүү эмес, ресурстар түгөнүп баратат, андыктан энергиянын альтернативалык түрлөрүнө өтүү зарыл”, дейт ал.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

1. Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;

2. #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;

3. Профилиңиз ачык болушу керек.

“ЭкоЖаша” долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. “Адам табиятты изилдеп, аны багындыра алды” деп ойлогон күндө да, биз жаратылыштан абдан көз карандыбыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Бирок жашаган жерибизде, кадыресе жашоодо да оң жылыштарга жетүүгө болот. Чакан иштер деле жаратылыштын абалын жана планетадагы жашообузду жакшыртууга салым кошо алат. Анда эмесе, чоң жана мээримин аябаган үйүбүз – планета үчүн жакшы иштерди чогуу жасап көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан