Бүгүн, 21-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары башталат. Ал 23-июнга чейин уланат.
Буга чейин белгиленгендей, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалган. Кыргыз-герман кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.
Германиянын президентинин сапарына байланыштуу Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турары эскертилген.