Балыкчыда "РСК Банк" ААКтын жаңы сактык кассасынын ачылыш аземи болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "РСК Банк" ААКтын жаңы сактык кассасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага "РСК Банктын" төрагасынын орун басары Оралбек Чомоков, Балыкчы шаарынын вице-мэри Жакшылык Бугубаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы сактык кассада кардарлар банктык кызматтардын толук спектрин ала алышат. Бул төлөм карталарын ачуу, насыялардын бардык түрүн берүү, акча которууларды жүргүзүү, эмгек акы долбоорлорун тейлөө жана башка көптөгөн нерселер.

Сактык кассасынын иш убактысы:

Кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин: 08:30дан 16:30га чейин;

Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00.

Сактык кассасынын дареги: Балыкчы ш., Кулакунов көч., 150.

Белгилей кетсек, "РСК Банк" филиалдык тармактын көлөмү боюнча өлкөнүн банктарынын арасында лидер болуп саналат жана бардык аймактарда, анын ичинде эң алыскы айылдарда да кызмат көрсөтөт.

www.rsk.kg
КРУБ лицензиясы №033, 033/1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан