Бак-дарактарды отургузуу климаттын өзгөрүшүнөн кантип коргойт?

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана планетабызды келечек муундар үчүн сактап калууда бак-дарактарды отургузуу өтө маанилүү ролду ойнойт. Дарактар бизди кычкылтек менен гана камсыз кылбастан, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу үчүн натыйжалуу каражат да болуп берет.

Дарактар жана алардын көмүр кычкыл газын азайтуудагы ролу


Токойлор өтө чоң көлөмдөгү көмүр кычкыл газын ооздуктап турууга жөндөмдүү табигый чыпкалар болуп саналат. Алар жыл сайын 2 миллиард тоннага чейин көмүр кычкыл газын сиңирип алып, аны атмосферадан чыгарууга жардам беришет. БУУнун “XXI кылымда СО2 менен токойлордун агымынын глобалдык карталары” (2021-жыл) изилдөөсүнө ылайык, токойлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтып, глобалдык жылуулукту 2 градуска чейин чектей алат экен.

Дарактар жана алардын климаттын шарттарына тийгизген таасири


Көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайткандан тышкары, дарактар климаттын шарттарына да оң таасирин тийгизет. Катуу ысыкта алар абаны салкын жана нымдуу кармап, микроклиматты жакшыртып, чаңдан коргойт. Чоң дарактар ошондой эле ири шаарларда аба табын 8 градуска чейин төмөндөтүп, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүшөт.

Дарактар биологиялык көп түрдүүлүктү кантип сактап калууда?


Бир эле дарак жүздөгөн тирүү организмдер, анын ичинде курт-кумурскалар, сойлоочулар, канаттуулар жана козу карындар үчүн үй болуп берет. Токой аянттарын кеңейтүү жана бак-дарактарды сактоо көптөгөн түрлөрдүн жашоо мейкиндигин камсыз кылуу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, дарактар суу ташкынын жана жер көчкүнүн алдын алса, ал эми тамырлары эрозияга жол бербей, топуракты кармап турат.

Дарактарды чөлкөмдөгү климатка жараша тандоо


Бак-дарактарды отургузуп жатканда чөлкөмдөгү климатты жана аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу маанилүү. Дарактардын ар кандай түрлөрү айлана-чөйрөгө ар башкача ыңгайлашуусу мүмкүн. Мисалы, Ош, Жалал-Абад жана Бишкек сыяктуу жылуу климаттык зоналарда бадам, мисте жана жаңгак отургузуу сунушталат. Ошол эле учурда терек, каражыгач, өрүк ысык жана суук аймактарда да жакшы өсүп кетет.

Даракты отургузуунун мааниси


Бак-дарактарды отургузуу климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу жана жеткиликтүү жолдорунун бири. Алар көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтууда, биологиялык көп түрдүүлүктү сактоодо, жагымдуу микроклиматты түзүүдө жана табигый кырсыктардан коргоодо маанилүү ролду ойношот. Бак-дарактарды жана токойлорду сактоо үчүн жооптубуз, ошондуктан планетабыздын жана анын бардык жашоочуларынын туруктуу келечегин камсыз кылуу үчүн аларга этияттык менен, аяр мамиле кылышыбыз керек.

Бак-дарактарды отургузуу – бул табияттын тең салмактуулугу жана адамзаттын бакубат жашоосу үчүн зарыл болгон келечекке жасалган инвестиция.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Ар бир адам бул конкурстун маңызын таба алат. Анын үстүнө бул биздин планетабыз үчүн пайдалуу бир иштерди чогуу жасоонун жөнөкөй жана кызыктуу жолу. Конкурс 14-июндан 30-июнга чейин созулат.

Экологияга байланыштуу окуяңызды, сүрөтүңүздү же видеоңузду социалдык тармактарда бөлүшсөңүз болот. Бул бак-дарак отургузган акцияда тартылган сүрөт болушу ыктымал, же таштандыны кантип сорттоп жатканыңыз тууралуу окуя менен бөлүшө аласыз, же экологиялык демилгелериңиз тууралуу баяндаган тасма болушу мүмкүн.

Конкурска катышуунун шарттары:

1. Инстаграмдагы баракчаңызда экологияга байланыштуу окуя, сүрөт же видео менен бөлүшүңүз;
2. #ЭкоЖаша #EcoJasha деген хэштегдерди колдонуп, постто @kuramastory деп белгилеп коюңуз;
3. Профилиңиз ачык болушу керек.


“ЭкоЖаша” долбоорунун өнөктөшү, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги байгелерди ойноткон маалда бардык шарттарды аткарган жигердүү катышуучулар баалуу жана пайдалуу нерсени утуп алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Кадыресе жашообузда деле оң өзгөрүүлөрдү жасай алабыз. Анда эмесе, планетабыздын жаркын келечегин чогуу түптөп көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!
Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/
Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430
Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан