Климаттын өзгөрүшүн кантип башыбыздан кечирип жатабыз?

Табигый кырсыктардын өлкөлөргө тийгизген таасири

Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча, акыркы ондогон жылдары климатка жана аба ырайына байланыштуу табигый кырсыктардын саны кыйла көбөйүп, 2 миллиондон ашуун адам каза тапкан. Айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жашагандар жабыркап, жалпы курмандыктардын 91 пайызын түздү.

Кыргызстан – климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туш болгон өлкө

Кыргызстан климаттын глобалдык өзгөрүшүнө эң аз таасирин тийгизген өлкөлөрдүн бири болгону менен бул процесстин олуттуу кесепеттерине туш болду. 2017-жылы Кыргызстандан чыккан парник газдарынын чыгындылары дүйнөлүк чыгындылардын жалпы көлөмүнүн болгону 0,032 пайызын түзгөн. Бирок, өлкөнүн климаты 10 жыл сайын 0,23 градуска көтөрүлүп келсе, акыркы 40 жылда аба табы 1 градуска жогорулады.

Климаттын өзгөрүшүнүн күнүмдүк жашоого тийгизген таасири

Сандар анчалык көп эместей сезилиши мүмкүн, бирок климаттын өзгөрүшүнүн күнүмдүк жашоого тийгизген таасири олуттуу болуп жатат. Бул таасир суу ташкыны, кар көчкү, жер көчкү жана күндүн адаттан тыш ысышы менен билинип жатат. Мисалы, 2022-жылдын 22-июлунда абанын табы +41 градуска жетип, Бишкектин тарыхындагы эң ысык күн болуп калды. Бул көрсөткүч нормадан 6,3 градуска ашат. Климаттын өзгөрүшү менен биз көбүрөөк жана интенсивдүү адаттан тыш аба ырайына туш болобуз. Бул биздин инфраструктурага, саламаттыгыбызга жана экономикага таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу зарылдыгы

Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери жөнүндө маалыматтарды эске алуу менен бул өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу маселелеринде Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Өлкөгө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу кыйынчылыктарды жеңүүгө жана алардын терс кесепеттерин азайтууга жардам бере турган чаралар жана программалар зарыл болуп турат. Калкты жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо үчүн стратегияларды иштеп чыгып, практикалык чараларды киргизүү зарыл.

Климаттын өзгөрүшүн баштан кечирүү биздин көңүлүбүздү жана көмөгүбүздү талап кылат. Кыргызстан жана башка өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө чоогу чаран, келечек муундар үчүн коопсуздукту жана бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында туруктуу стратегияларды иштеп чыгуусу тийиш. Климаттын ыкчам ыргак менен өзгөрүшү тез арада чара көрүүнү талап кылат жана бул глобалдык чакырыкты жеңүү үчүн эл аралык деңгээлде биргелешкен аракеттер зарыл.

#ЭкоЖаша

“Курама Стори Лаб” коомдук фонду “ЭкоЖаша” маалыматтык өнөктүгүн жана анын алкагында конкурсту өткөрүү демилгесин көтөрдү. “Курама Стори Лаб” буларды Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырууда.

Июнь айынын ичинде @kuramastory баракчаларында жана ЖМКда өлкөбүздүн булуң-бурчунда жашап, глобалдык климаттык кризисти чечүүгө өз салымын кошуп жаткан мыкты адамдардын окуялары жарыяланып турмакчы. Бул адамдардын мисалдары көпчүлүгүбүздү шыктандырып, күч-аракетибизди бириктирип, климаттын өзгөрүүсү сыяктуу коркунучтун мизин кайтара алабыз деп үмүттөнөбүз.

Биз, адамдар, жаратылыштын жана анын циклдеринин бир бөлүгү болуп саналабыз. “Адам табиятты изилдеп, аны багындыра алды” деп ойлогон күндө да, биз жаратылыштан абдан көз карандыбыз. Экосистемага тийгизип жаткан таасирибиз күнүмдүк жашообузда да олуттуу из калтырууда. Бирок жашаган жерибизде, кадыресе жашоодо да оң жылыштарга жетүүгө болот. Чакан иштер деле жаратылыштын абалын жана планетадагы жашообузду жакшыртууга салым кошо алат. Анда эмесе, чоң жана мээримин аябаган үйүбүз – планета үчүн жакшы иштерди чогуу жасап көрбөйлүбү!

“Курама Стори Лабдын” социалдык тармактардагы маалымат өнөктүгүнө кошулуңуз!

Инстаграм: https://www.instagram.com/kuramastory/

Фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?id=100076214776430

Ютуб: https://www.youtube.com/@eco312

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан