MEGA «Улут баскан улуу жол» этно-фестивалынын өнөктөшү болду

Каракол шаарында 1-июль күнү көрүнүктүү тарыхый инсан Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык жана дипломат, ойчул Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” этно-фестивалы болуп өттү.

Салтка айланып калгандай эле, социалдык жоопкерчиликтүү компания катары MEGA маданий иш-чараны уюштурууга каржылык көмөк көрсөттү.

Фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференция, улуттук боз үйлөрдүн сынагы, шырдактардын көргөзмөсү (кийиз килемдер),

«Этно-мода», «Улуттук музыка», «Элдик көчө театры», «Тарыхта калган так теке», «Шайыр апалар» кароо-сынактары, аңчылык өнөрлөрү жана башка улуттук оюндар өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чара мекенибиздин эстрада жылдыздарынын гала-концерти менен жыйынтыкталды.

Кошумчалай кетсек, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ата-бабаларыбыздын баалуу мурасы катары сакталып калган, муундан- муунга өтүп келе жаткан каада-салттарыбызды жана бай тарыхыбызды кеңири жайылтуу максатында уюштурулуучу ири маданий иш-чараларга колдоо көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан