MEGA Ысык-Көлдөгү байланышты күчтөдү

Кызматтык өргүүлөрдүн мезгили кайнап турган кез. Кыргызстандыктар жана чет өлкөлөрдөн келген туристтер эсте каларлык эс алуу өткөрүп, күнгө какталып ден соолуктарын чыңдоо үчүн берметибиз болгон Ысык-Көлгө жапырт агылып жатышат.


MEGA
компаниясы абоненттер сапаттуу байланыш менен камсыздалып, жогорку ылдамдыктагы 4G-интернетти ырахаттануу менен колдонуулары үчүн жаңы базалык станцияларды ишке берип, ошондой эле мурда орнотулган станцияларды модернизациялоо иштерин активдүү улантууда. Эс алуу учурундагы кызматтардан пайдалануулардын санынын өсүүсүнө байланыштуу, «Альфа Телеком» ЖАК өлкөдөгү эс алуу үчүн эң популярдуу болгон аймактарга көбүрөөк басым жасайт. Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктери, Кырчын, Жети-Өгүз капчыгайлары жана башка популярдуу локациялар бүгүнкү күндө толугу менен MEGA’нын түйүнү менен камтылды. Эс алуучулар эми Ысык-Көлдүн эң атактуу ажайып кооз жерлерин кыдырып, муну менен катар жакындары менен тоскоолдуксуз байланыша алышат!


MEGA
компаниясы абоненттерине ыңгайлуу болуусу үчүн туристтик сезон башталар алдында Ысык-Көлдүн бардык жээктеринде түйүндүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен. Жүргүзүлгөн иштер абоненттердин эс алуудагы таасирлерин жакын адамдары менен ылдам жана ыңгайлуу бөлүшүп, ошондой эле ар дайым байланышта болууларына мыкты шарт түзөт.

Төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:

· 22 базалык станцияда LTE ишке берилди;

· Түйүндү кеңейтүү иштери 99 базалык станцияда ишке ашырылды.

Жасалган иштер түйүндүн сыйымдуулугун гана жогорулатпастан, анын камтуу аймагын да кеңейтти десек болот. Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл облусундагы калктын 99%дан ашууну 2G, 3G түйүндөрү, ал эми 98%дан ашуун калк 4G түйүнү менен камтылган. Түйүндүн жалпы сыйымдуулугу Ысык-Көл облусу боюнча 15% пайызга жогорулады.

Түйүндү кеңейтүү иштери облус калкынын 2/3 бөлүгү жайгашкан аймакта аткарылып, жалпысынан 77ден ашуун айылдарда жүргүзүлдү: Комсомол, Кашат, Миң-Булак, Ак-Булуң, Ак-Булак, Ак-Чий, Кара-Чуңкур, Байзак, Кең-Суу, Тепке, Ак-Терек, Туура-Суу, Чоң-Таш, Алкым, Конкино, Комсомольское, Чоң-Сары-Ой, Өрнөк, Кош-Көл, Тогуз-Булак, Теплоключенка, Шор-Булак, Кара-Коо, Отуз-Уул, Үч-Кайнар, Сары-Булуң, Бөрү-Баш, Бактуу-Долоноту, Түп, Сары-Телегей, Чоңаргылчак, Кызыл-Туу, Санташ, Коочу, Корумду жана Арал.

Бүткүл өлкө боюнча, анын ичинде Ысык-Көл облусунда түйүндү кеңейтүү иштери активдүү уланууда.

MEGAмыктыны тандоо!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан