"Тазалык" мекемесинин санарип дүмүрчөктөрү MegaPay тиркемесинде жеткиликтүү

MegaPay тиркемесинин колдонуучулары “Тазалык” муниципалдык мекемесинин дүмүрчөктөрүн эми электрондук түрдө ала алышат. Электрондук дүмүрчөк - бул колдонуучуга маалыматтарды берүүнүн эң ишенимдүү жолу.

Электрондук дүмүрчөк:

  • Кагаз документ сыяктуу эле расмий документ болуп саналат;
  • Кагаз жүзүндөгү дүмүрчөккө караганда эрте келет;
  • Дарекке туура жетет жана маалыматтын таралуу ыктымалдуулугун жокко чыгарат;
  • Кайсы жерде экениңизге карабай, жеке эсептин абалын көзөмөлдөөгө мүмүндүк берет.

MegaPay тиркемесинин колдонуучуларында таштанды чыгаруу кызматы үчүн үйдө, өз иши менен алектенип отуруп эле комиссиясыз төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да бар. Мындан тышкары бир нече баскычтарды басуу менен карыздардын бар же жок экендигин билсе болот.

Дүмүрчөк келип туруусун шарттоо үчүн:

  • «сервистер» бөлүмүнө кирүү;
  • «санарип дүмүрчөк» баскычын басуу;
  • батирдин же үйдүн дарегин киргизүү;
  • кызматтын жана коммуналдык кызматтын түрүн тандоо;
  • жеке эсепти жазып, маалыматтарды сактоо.

Маалыматтар автоматтык түрдө сакталат. Сиз ар бир төлөм сайын маалыматтарды жазып отурбайсыз. Тиркемеде коммуналдык төлөмдөрдүн тизмеси улам кеңейип жатканына байланыштуу аны байма-бай жаңылап туруу керек.

MegaPayсиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан