"Керемет Банк" "Жашыл Альянс" юридикалык жактардын бирикмесине кирди

"Керемет Банк" ААКтын Жашыл Альянска кирүүсү тууралуу келишимге 7-июлда расмий түрдө кол коюлду.

«Жашыл Альянс» ЮЖБсы - бул Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын сактап калуу максатында жашыл экономика принциптеринин туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон уюм. Бүгүнкү күндө «Жашыл Альянс» бирикмеси жарандык коом, бизнес, айыл-чарба өкүлдөрү, илим изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлар жана көз карандысыз эксперттер менен бирге 50 дөн ашык компания жана адамдардын башын бириктирет. ⠀

«Керемет Банк» ААКсынын ESG маселелери/ жашыл каржылоо боюнча жооптуу катчысы Амантур Толебеков «Учурда каржы дүйнөсү маанилүү жана маңыздуу сапаттык өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Инвесторлор жана инвестициялык процесстер чечим кабыл алууда, бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүдө ага таасир тийгизген ESG-факторлорду эске алып жатышат. Кыргызстандын Жашыл Альянсына кирүү бизге жаңы жашыл финансылык продуктуларды түзүүдө, аларды Банктын кардарларына илгерилетүүдө жардам берет деп үмүттөнөбүз. Күч-аракетти бириктирүү менен таза абага, кооз жаратылышка, таза климатка, туруктуу келечекке ишенсек болот», - деп белгиледи. ⠀

«Керемет Банк» ААКсы - ийгиликке сапарлаш!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан