"Керемет Банк" ААК: "Жеткиликтүү ипотека" программасы боюнча объекттин курулушу уланууда"

Урматтуу «Керемет Банк» ААКтын кардарлары, сиздер менен Бишкек ш., Анкара көч. 44 дарегинде жайгашкан «Фаворит Строй групп» курулуш компаниясынын тогуз кабаттуу турак жайынынын курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Бул объект «МИК» ААК менен КР Министрлер Кабинетинин «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча пилоттук долбоорунун алкагында курулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу 2023-жылдын февралында башталган жана объектти аяктоо 2023-жылдын аягына чейин пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө:

  • терезелерди орнотуу иштери жүрүп жатат
  • полду цементтөө иштери жүрүүдө
  • сантехникалык жана электромонтаждык жумуштардын 1-этабын бүтүрүү уланып жатат
  • 8-кабаттын курулуш иши бүтүп жатат
  • август айынын аягына чейин лифттерди монтаждоо жана чатырын жабуу иштери пландалып жатат.

Курулуш иштеринин бүтүшүн жана ачкычтардын берилишин чыдамсыздык менен күтүүдөбүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан