Кыргызстанда GLOVO EXPRESS аттуу биринчи микро фулфилмент борбору пайда болду 

Бишкекте Glovo’нун биринчи MFC борбору (Micro-Fulfillment Center деген сөздөрдүн аббревиатурасы) ачылды. Glovo Express даркстор форматында ачылды, башкача айтканда, бул керектүү товарларды жеткирүү үчүн гана иштеген, кардарлар кирип-чыкпаган супермаркет. Glovo Express шаардын борборунда жайгашкан, ал эми андан товарлар шаардын булуң-бурчуна жеткирилет. Кыргызстанда бул сервистин ишин кеңейтүү пландалып жатат.

Керектөөчүгө эмнелер керек?

Товарды жеткирүү сервисин колдонгон ар бир шаардыкка буйрутма тез жана жакшы сапатта керек. Мындан тышкары, керектөөчү сервис жеткире ала турган товарлардын бай тандоосу болсо деп каалайт. Glovo мына ушул керектөөнүн үстүнөн иштеп жатат. Жеткирүү ылдамдыгы, ошондой эле жеткирилген азык-түлүктүн жаңы болгону, кеңири ассортименти Glovo Express’тин негизги артыкчылыгы болуп саналат.


“Glovo Express’тин негизги артыкчылыгы – буйрутмаларды иштетүү ылдамдыгы, MFC толугу менен автоматташтырылган: адегенде товарды берүүчүлөр үчүн өтүнмө даярдалат, система кампада калган товарды жана сатуунун божомолун эске алуу менен буйрутманы өз алдынча жайгаштырат, товарды жеткирчү чабарман келгенге чейин аны тез арада чогултуп, даярдап коет. Ошентип, колдонуучуларга товарды жеткирүү убактысы кыйла кыскарат – азыр болжол менен 25 мүнөт кетип жатса, Glovo ушул убакытты 15 мүнөткө чейин кыскартып, ассортиментти 3000 позицияга чейин кеңейтип, күн сайын 500 буйрутма алып турууну пландаштырууда. Биздин микро фулфилмент борборубуздан буйрутмалардын саны жума сайын 15 пайызга өсүп жатат жана биз күнүнө 150гө жакын буйрутма менен иштеп жатабыз”, - деди Glovo’нун Кыргызстандагы башкы менеджери Айканыш Сапаралиева.

Дагы ылдам жеткирилет
Азыр Glovo Express аркылуу 2 миңге жакын ассортименттик позицияга буйрутма берүүгө болот, алардын саны күн сайын өсүп жатат. Ассортиментти кеңейтүүдө эң негизги басым балдардын товарларына, мөмө-жемиштерге, жашылча-жемиштерге, биринчи кезекте зарыл болгон товарларга жасалат.


Маалымат үчүн: учурда буйрутманы чогултуу ылдамдыгы орточо 2 мүнөт 7 секунданы түзөт, ал товарды таңгактоого 10 секунда кетет. Буйрутма чогултула баштаганга чейинки убакыт, ошондой эле чогултуп, таңгактоонун ортосундагы убакыт 30 секундадан ашпайт. Glovo Express’тин максаты – буйрутма берилген учурдан баштап, товарды кардардын колуна карматканга чейинки ылдамдыкты 15 мүнөткө жеткирүү.

Коопсуздук биринчи орунда

Glovo Express’те товардын сапаты жана жарактуулук мөөнөтү эки жолу текшерилет. Биринчиден, эгерде товарлар өндүрүүчүнүн кутусунда болсо, анда ар бир партия үчүн сактоо мөөнөтү жана жарактуулук мөөнөтү кылдаттык менен текшерилет. Ал эми экинчи жолу товар буйрутманы чогултуп жаткан учурда текшерилет. Убагында сатылбай калган товарлардын баары жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин тиркемеден өчүрүлүп, Glovо’нун жокко чыгаруу пунктуна жөнөтүлөт. MFC-борборунун бардык кызматкерлеринин сөзсүз түрдө санитардык китепчелери бар жана туруктуу түрдө милдеттүү санитардык көзөмөлдөн өтүп турушат.


Glovo тууралуу

Glovo – бул колдонуучуларды ишканалар жана товарды жеткирген чабармандар менен байланыштырып, жергиликтүү ресторандардан, супермаркеттерден, дарыканалардан жана чекене дүкөндөрдөн суроо-талап боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган новатордук мультикатегориялык тиркеме. Glovo ар бир адамга өз шаарынын ичиндеги бардык нерсеге оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн берет, колдонуучулар каалаган нерсесин, каалаган учурда жана каалаган жерден алдыра алышат. 2015-жылы Барселонада негизделген бул компания Түштүк жана Чыгыш Европанын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын 25 өлкөсүндө ийгиликтүү иш алып барууда.

Glovo жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн сайтка кириңиз:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан