Kомпаньон банкынан акция! Которууларды алып Мальдивге сапар утуп ал

Компаньон Банкынан акцияга катышып Мальдив аралдарына эки кишилик турларды, ошондой эле 120дан ашык сыйлыктарды утуп алыңыз! Мындай мүмкүнчүлүк Россиядан Сбербанк Онлайн тиркемеси аркылуу карталарга же Компаньон мобилдик тиркемесине которууларды алган кардарларга берилет.

Акция 1-июлдан 31-декабрга чейин жүргүзүлөт жана үч этапта өткөрүлөт:

1. 01.07.2023 - 31.08.2023 чейин;

2. 01.09.2023 - 31.10.2023 чейин;

3. 01.11.2023 - 31.12.2023 чейин.

Акциянын аягында, 2023-жылдын 31-декабрында, 2 жеңүүчү аныкталат, алар Мальдив аралдарына турларга ээ болушат.

Ар бир этаптын эки номинациясы - алынган которуулардын эң чоң көлөмү жана эң көп саны боюнча жеңүүчүлөр акыркы үлгүдөгү смартфондордон тарта тиричилик техникасын камтыган 40 баалуу байге үчүн күрөшө алат.


Мальдив аралдарына эки адамга эки саякат туру Акциянын жүрүшүндөгү 3 (үч) этапта тең эң жогорку активдүүлүктү көрсөтө алган эки жеңүүчүгө берилет.

Ар бир кардардын максималдуу ыңгайлуулугу үчүн, Компаньон Банкы которууларды жөнөтүүдө конвертациянын оптималдуу курсун коюп, каалаган банктын банкоматынан акча каражатын которуу жана чыгарып алууда комиссияны жокко чыгарды.

Акцияга 1 000 сомдон ашкан бардык которуулар катышат. Жеңүүчүлөр рейтингине бир этапта алынган каражаттын жалпы суммасы минималдуу босого - 50 000 сомдон жогору болгон кардарлар кирет.

*Ар бир 3 этаптын байге фонду:

  1. iPhone 14 Pro Max/256 GB
  2. Телевизор
  3. Ноутбук
  4. Муздаткыч
  5. Кир жуучу машина
  6. Samsung смартфону
  7. Чаң соргуч
  8. Велосипед
  9. Samsung Galaxy Tab A8/128 GB планшети
  10. Микротолкундуу меш
  11. Электрондук эт туурагыч
  12. Акылдуу саат
  13. Зымсыз кулакчын
  14. Электр чайнеги
  15. Блендер
  16. Үтүк
  17. Bluetooth колонкасы
  18. Power Bank
  19. Термос
  20. Рюкзак

**Байгелердин моделдери жана сырткы көрүнүшү жарнамадагы сүрөттөрдөн айырмаланышы мүмкүн.

***Акциянын шарттары, которуулар боюнча чектөөлөр жана СберБанк Онлайн тиркемесинен Компаньон тиркемесине жана ЭЛКАРТ менен VISA карталарына которууларды жөнөтүү жана алуу боюнча нускама менен www.kompanion.kg расмий сайтынан же 88 00 Кардарларды колдоо кызматынын кыска номери аркылуу таанышууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Акцияга бардык жеке жактар - КРнын 16га чыккан бардык жарандары жана резидент эместер катыша алат. Акцияга Компаньон банкынын кызматкерлери жана алардын жакын туугандары катыша албайт.

Тиркемени жүктөп алуу:

Google Play

App Store

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан