Сиздин бизнесиӊиз ар дайым байланышта! Beeline'дан виртуалдык АТС эми мурдагыдан да эффективдүүрөөк

Ар бир компаниянын ийгилиги үчүн кардарлар менен сапаттуу байланыш түзүү абдан маанилүү. Beeline'дын «Виртуалдык АТС» кызматы корпоративдик секторго бул милдетти оңой чечүүгө жана кеӊседе да, андан тышкары да ишенимдүү телефонияны уюштурууга жардам берет. Бүгүн ВАТС жаңы функцияларды сунуштайт: мобилдик чалууларды жаздыруу жана кызматкерлердин ишин толук көзөмөлдөө.

Beeline Кыргызстан 2018-жылы корпоративдик кардарлар үчүн Виртуалдык АТСти ишке киргизген. 2023-жылдын башында ВАТС интерфейси жаңыртылган, бул кызматтын ылдамдыгын жогорулатууга жана жаӊылыктарды тез-тез кошууга мүмкүндүк берди. FMC технологиясын туташтыруу Виртуалдык АТСти өнүктүрүүнүн кезектеги этабы жана бул функционалдын Борбордук Азиядагы биринчи расмий ишке кириши болду.

FMC (Fixed Mobile Convergence) – бул компаниянын стационардык жана мобилдик телефондорун бирдиктүү тармакка бириктирген технология. Бул Beeline-дын Виртуалдык АТСне эми компаниянын жалпы номерлерин гана эмес, корпоративдик SIM-карталарын да туташтыра аласыз дегенди билдирет.

Кеӊсе телефондордон, софтфондордон жана компаниянын уюлдук номерлерине бардык кирүүчү жана чыгуучу чалуулар ВАТСтин тарыхында жазылат. Жазууларды веб-интерфейсте жана мобилдик тиркемеден укса болот. Бул жетекчилерге бардык жумушчу чалууларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

FMC-ни туташтыруу да менеджерлердин ишин жеңилдетет. Мисалы, кызматкерлер компаниянын ички номерлерине түз эле уюлдук телефондон чала алышат. Кесиптешинен чалуу келип түшкөндө, анын ички номери экранда көрсөтүлөт, ал эми кардар чалганда менеджер кардардын номерин көрөт. Эгерде кызматкер жумушчу SIM -картага чалууну өткөрүп жиберсе, ал кимге кайра чалуу керектигин дароо түшүнөт.

«Биз Борбордук Азияда биринчилерден болуп корпоративдик кардарларга FMC-ни сунуштаганыбызга сыймыктанабыз», - дейт Beeline компаниясынын корпоративдик сатуулар бөлүмүнүн башчысы Роман Цхай. - Эми чалуулардын тарыхында эч кандай "сокур зоналар" болбойт - ар бир жетекчи бардык чалууларды, алар кайсы түзмөктөн жасалганына же кабыл алынганына карабастан башкара алат. FMC кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртат, ал эми Beeline-дын Виртуалдык АТСин тандаган компаниялар дал ушуну каалашат».

Beeline: 25 жылдык инновациялар!

КР СӨMгө караштуу БТЖCжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан