Жалал-Абаддын жашоочулары Balance.kg аркылуу муниципалдык кызматтардын акысын төлөй алышат

Balance.kg компаниясы менен Жалал-Абад шаарынын мэриясы кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Шаар тургундарына мындан ары муниципалдык кызматтарга төлөө үчүн банктарга баруунун, узун кезектерге убакытты коротуунун кереги жок. Анын ордуна, алар ар дайым колдо болгон Balance санариптик төлөм системасын колдоно алышат.

14-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолдубай Борукулов Balance.kg компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимди иштеп чыгып, кол коюшту.

Эми Жалал-Абаддын тургундары төмөнкү төлөмдөрдү онлайн аткара алышат:

● жер тилкелеринин жана турак эмес жайлардын ижара акысын;

● жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун кызматтарын;

● жер салыгын, анын ичинде айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн;

● унааларды токтотуу жайлары үчүн акыларды.

Кызматтарды каалаган убакта Balance.kg мобилдик тиркемеси же терминалдары аркылуу төлөсө болот. Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, жаңы курал төлөм процессин бир топ жеңилдетип, бюджеттик каражаттарды чогултууну эффективдүү кылат.

Мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев: «Balance.kg-нин жардамы менен биз жарандарга түздөн-түз үйдөн же иштеген жеринен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз», — деп, буга чейин Жалал-Абад шаарынын жашоочулары банктарга баруу жана кезекте туруу муктаждыгынан улам ыңгайсыздыктарга кабылып келгендерин белгилей кетти.

Balance.kg компаниясынын башкы директору Фархад Ибраев белгилегендей, тиркеме иштеген 5 жыл ичинде өзүнүн ыңгайлуулугу жана функционалдуулугу менен колдонуучулардын таануусуна ээ болгон. Ал түшүндүргөндөй, кеңири таралган ишенимге каршы, тиркемени Beeline абоненттери гана эмес, Кыргызстандын башка уюлдук операторлорунун кардарлары да колдоно алышат.

«Balance.kg Жалал-Абад шаарынын мэриясына тургундарына кызматташуу жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирет. Муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте шаардын жыргалчылыгы үчүн иш алып барабыз, жашоо шартын жакшыртабыз жана муниципалдык кызматтардын акысын төлөө процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жөнөкөй кылабыз», — деди компаниянын жетекчиси.

Balance.kg — санариптик төлөм системалары тармагындагы алдыңкы IT-өнүм болуп саналат, ал электрондук төлөм рыногунда кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт. Компания буга чейин Жалал-Абад облусунда долбоорлорду ишке ашырган: эми аймактын тургундары тиркеме аркылуу коммуналдык төлөмдөрдү аткара алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан