Телефон номерин кантип өзүңүзгө кайра каттасаңыз болот?

Уюлдук телефон жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бул жөн гана чалуулар жана билдирүүлөр менен алмашуу эмес: электрондук капчыктар, банк карталары, социалдык тармактардагы аккаунттар жана башка маанилүү жеке маалыматтардын булактары телефон номерине байланган. Демек, ар бир абонент өз кызыкчылыгы үчүн номеринин өзүнүн наамына катталганына ынануусу зарыл. Beeline Кыргызстан муну кантип жасоо керек экенин эсиӊиздерге салат.

Биринчиден, номердин каттоо абалын текшерүү керек. Эгер сиз Beeline уюлдук операторунун кызматтарын колдонсоңуз, *142# командасын терип, чалуу баскычын басыӊыз. Сиз бул номер кимге катталганы тууралуу маалымат камтылган SMS-билдирүү аласыз.

Эгерде номер сиздин атыңызга катталбаса, жакынкы Beeline кеңсесине кайрылсаңыз болот. Өзүңүздүн инсандыгыңызды тастыктаган документиңизди ала барууну унутпаңыз. Номер толугу менен бекер жана бир нече мүнөттүн ичинде катталып, сизге белек катары 5 ГБ интернет берилет.

Номерди үйдөн чыкпай эле өзүӊүзгө кайра каттатып алсаӊыз да болот:

«Мой Beeline» мобилдик тиркемесине кириӊиз.

• «Дагы» бөлүмүндө, «Каттоо» кошумча барагын ачыңыз.

• Паспортту эки тарабынан тең сүрөткө тартыңыз.

• Паспортуңуз менен сүрөткө түшүңүз.

• Код сөздү ойлоп табыңыз.

• Келишимди текшерип, ага кол коюӊуз.

«Мой Beeline» тиркемесине катталуу процедурасынан кийин сиз дагы 5 ГБ көлөмүндөгү интернет-топтомун белекке аласыз.

Номерди өз атыңызга каттап алгандан кийин, сиз өз номериңизди толук башкара аласыз, окуялардын детализациясына ээ болуп, жеке маалыматтардын коопсуздугу жөнүндө кабатырланбайсыз. Мындан тышкары, SIM-картаңызды же телефонуңузду жоготуп алсаңыз, номериңизди оңой жана тез калыбына келтире аласыз.

Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан