РСК Банк: Салыктарды жана салык карыздарын төлөм коду боюнча онлайн төлөө

«РСК Банк» Кыргызстанда биринчи жолу RSK24 мобилдик банкингинде төлөм коду боюнча идентификациялоо менен салыктарды жана салык карыздарын онлайн төлөө кызматын ишке киргизди.

Ошентип, Банк жеке адамдар ​​үчүн салыктардын бардык түрлөрүн жана салык карыздарын төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү жана кардарлар үчүн аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн иштеп чыкты.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишке ашырылган.

Бул кызматты колдонуу үчүн RSK24 мобилдик банкинг менюсунда буларды басуу зарыл:

• "Төлөмдөрдү жана которууларды" ачуу;

• андан ары "Төлөмдөр";

• "Мамлекеттик төлөмдөр" бөлүгү;

• төлөм коду жазылары менен салыктын же салык карызынын суммасы автоматтык түрдө чыгарылат.

Кызмат үчүн комиссия – болгону 1 сом.

www.rsk.kg

Улуттук банктын лицензия№033, 033/1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан