Ысык-Көлдө эс алуу: 2 адамдын күтүүсүз өлүмү коопсуздукту эстетти

Ысык-Көлдөгү туристтердин, эс алуучулардын коопсуздугу бийликтин эсине жайкы туристтик мезгил ортолоп калганда түштү. Чуулгандуу кырсык болбогондо, балким, коопсуздук темасы минтип козголмок эместир. 23-июль күнү Чолпон-Атанын жээгинде үйлөмө баллондун үстүнө 3 эс алуучуну отургузуп алып сүйрөп жүргөн моторлуу кайыктын айдоочусу 2 адамдын өлүмүнө себепчи болду. Үйлөмө баллон күү менен барып токтоп турган теплоходго урунган. Эки адам көз жумуп, бирөөсү учурда ооруканада жатат. Буга чейин эс алуучулар кум жээкте суу транспорттору үчүн өзүнчө аймак түзүүнү суранып, алардын ары-бери жүрүшү көлгө түшкөн эс алуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын айтып даттанып келишкени белгилүү. Демек, тийиштүү органдар эбак көңүл бурууга тийиш эле, сөзсүз эле адам өмүрү кыйылгандан кийин эмес.

Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 28-июлда чыккан жаңы – №1077 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан