Beeline'дын туулган күнү: Башкы мүдүрдүн кайрылуусу жана абоненттер үчүн сюрприздер

25 жылдан бери Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өлкөнүн телекоммуникация рыногунда күчтүү позицияны ээлеп келет. Мааракеге карата компаниянын башкы мүдүрү Андрей Пятахин сөз сүйлөдү. Ал Beeline'дын учурдагы турмушу, алдыдагы максаттары жана майрамга карата даярдалган белектер жөнүндө айтып берди.

«Кымбаттуу достор!

Beeline Кыргызстан кооз жана маанилүү датаны белгилейт: компания 25 жашка толду. Демек, мындан туура чейрек кылым мурда, 1998-жылдын 1-августунда Кыргызстандын GSM-тармагынан – биздин тармактан биринчи чалуу болгон.

25 жыл – адамдык ченемдер боюнча да, компания үчүн да бул аз да эмес, көп да эмес. Биз негиздүү, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү тажрыйбалуубуз, ошол эле учурда биз жаш, энергиялуу, инновациялар, өнүгүү жана креативдүү идеялар үчүн ачыкпыз.

Компаниянын туулган күнүндө биз биринчи кезекте элдин эмгегин, катышуусун жана колдоосун белгилейбиз. Дал ушул адамдар — биздин абоненттер, кызматкерлер, кесиптештер жана өнөктөштөр — бизди күн сайын шыктандырып, жакшыраак, кызыктуураак жана пайдалуураак болууга түрткү берет. Биз өзүбүздүн кардарларыбыз үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн баалуу болгубуз келет. Ошондуктан биз чоң социалдык иштерди жүргүзүп, калк үчүн дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эң мыкты эл аралык стандарттарды, технологияларды жана инновацияларды киргизүү менен ички байланыш рыногун активдүү өнүктүрөбүз.

Албетте, туулган күнүңдө белек алуу жагымдуу. Бирок аларды өзүӊ үчүн кымбат адамдарга берүү андан да жагымдуу, ошондуктан биз абоненттерибиз үчүн көптөгөн сюрприздерди даярдадык. Компаниянын туулган күнүнүн урматына биз «Яндекс плюс» кызматтарына акысыз жазылууну беребиз, «Мой Beeline» тиркемесинде белек интернет-топтомдорун таратабыз жана, албетте, бардыгын конокко чакырабыз: биздин сатуу жана тейлөө кеӊселерибизде сизди Beeline компаниясы жылуу тосуп алып, сыйлайт.

Биз кызыктуу, кээде кыйын, бирок, албетте, ийгилик менен коштолгон узак жолду басып өттүк. Жана биз алдыга умтулууну уланта беребиз. Бул жолду биз менен бөлүшкөн ар бир адамга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Beeline менен байланышта болуңуз, алдыда дагы көптөгөн кызыктуу нерселер бар!»

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан