MEGA: I жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыктары, динамикалык өсүш жана тарыхый максимумдар

MEGA Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда өзүнүн позициясын бекемдөөнү улантууда. Буга 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү далил боло алат. Бул тууралуу «Альфа Телеком» ЖАКтын жетекчилигинин катышуусунда өткөрүлгөн кеңейтилген отурумда маалымдалды.

Компания динамикалык өнүгүү жана рынокто суроо-талаптын өсүш боюнча буга чейин белгиленген пландарын ашыгы менен аткарууда. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешенин өсүшү 24%га жогору болду, ишкананын таза кирешеси боюнча план 70%га ашык аткарылды. «АльфаТелеком» ЖАКтын уставдык капиталы 8,6 миллиард сомго көбөйтүлдү. 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгына таянсак, киреше боюнча рыноктун үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 2%га өстү, тактап айтканда, 31%ды түздү. Активдүү абоненттик база тарыхый максимумга жетти.

Алты ай ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан 100% акциясы мамлекетке таандык болгон компания бүт өлкө боюнча тармактын камтылышы жана базалык станциялардын саны боюнча лидерлердин бири катары өзүнүн статусун тастыктады. Отчеттук мезгил ичинде 110 базалык станциянын курулушу аяктады. Республика аймагында, анын ичинде жетүү кыйынчылык жараткан аймактарда сигналдын сапатын жакшыртуу жана 2G/3G/4G түйүндөрүнүн кубаттуулугун жогорулатуу үчүн жабдуулар жаңыланды.

Эске сала кетсек, 2022-жылы компания жаңы базалык станциялардын акыркы беш жылдын ичиндеги рекорддук санын орнотуп, ошондой эле буга чейин ишке киргизилгендерди модернизациялоо жумуштарын аткарды. Техникалык өнүгүүнүн жогорку темптерин сактоо менен, компания тарабынан быйыл кеминде 200 жаңы базалык станцияны ишке киргизүү пландалууда. Бардык кыргызстандыктарды сапаттуу уюлдук байланыш жана мобилдик интернет менен камсыздоо мамлекеттик уюлдук оператордун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.

MEGA командасы MegaPay мобилдик тиркемесинин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен, каржы технологиялары чөйрөсүндөгү долбоорлордун үстүндө жигердүү иш алып барууда. Министрлер Кабинетинин аймактарда санариптештирүү ишин колго алуу боюнча буйругун аткаруу максатында, СӨМдүн колдоосу астында жана КР Айыл чарба министрлиги, КР Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте аймактык деңгээлде санариптик каржы чечимдерин өнүктүрүү боюнча долбоорлор иштелип чыкты.

Азыркы учурда компаниянын Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын жүргүзүүгө катышуусунун алкагында ЖӨБ органдарын санариптештирүү боюнча долбоорлор иштелип чыгууда. Жаңыланган тиркемеде төмөнкү функциялар жеткиликтүү: Улуттук стандарт боюнча QR-төлөм (Бирдиктүү ELQR), «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жайгаштырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү, турак жай-коммуналдык кызматтарынын акысын төлөө үчүн санариптик дүмүрчөк иштелип чыккан. 30дан ашык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөөгө шарт түзгөн 10дон ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр кошулду. ELQR «Кыргыз почтасынын» 800 бөлүмүндө, анын ичинде алыскы филиалдарында жайгаштырылды.

Жылдын экинчи жарымына карата Бирдиктүү идентификациялоо системасын ишке киргизүү боюнча долбоор жана компаниянын 69 филиалында жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн Булут Электрондук санарип кол тамганы чыгаруу жана ишке киргизүү боюнча долбоор пландалган жана техникалык жактан даярдалган. «Түндүк» менен терең интеграциялоо аркылуу MegaPay тиркемесинин ичинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылмакчы, бул болсо, өлкөнүн жарандарынын мамлекет тарабынан берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү колдонуусун жеңилдетет жана MEGA'нын баа жеткис салымы катары баалоого болот.

«Евразия сактык банкы» кошумча капиталдаштыруудан ийгиликтүү өттү, башкаруу режимин алып салуу процесси жүрүп жатат. Банктын уставдык капиталындагы «Альфа Телеком» ЖАКтын үлүшү 19,99%га чейин көбөйтүлдү.

«Мындай жемиштүү жыйынтыктарга Кыргызстандагы бирден-бир мамлекеттик уюлдук оператор кантип жетти? Албетте, кесипкөй жамааттын координацияланган ишинин, абоненттик тейлөөнүн жогорку деңгээлинин, инновациялык технологияларды жана кызматтарды киргизүүнүн аркасында, ошондой эле жарандарыбыздын керектөөлөрүнө жана мүдөөлөрүнө төп келген сунуштарды иштеп чыгуу жана рынокко киргизүү аркылуу жетишти», ─ дейт MEGA компаниясынын башкы директору Нурлан Мамытов. Анын айтымында, компаниянын жаңы өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында мобилдик оператор өзүнүн динамикалык өнүгүүсүн улантат жана MegaPay жана «Евразия сактык банкынын» базасындагы каржы технологиялык кызматтарын толук кандуу ишке киргизе баштайт. «Биздин максат — санариптик артыкчылыктарга ээ мыкты телеком-оператору болуу, биздин тармактын негизинде санариптик кызматтарды өнүктүрүү. Биздин философия —жарандардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууда мамлекетке максималдуу жардам көрсөтүү болуп саналат», ─ деп жыйынтыктады өз сөзүн жетекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан