Ала-Бука районунун жашоочулары экологиялык таза продукциядан жасалган азыктарды өндүрүүдө

Ала-Бука районунун жашоочулары экологиялык таза продукциядан жасалган азыктарды өндүрүп, сатыкка чыгарууда. Бул ишти демилгелегендер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана туура тамактанууну жайылтууну максат кылууда.

Долбоорду Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук бирикмеси “Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы” коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырды. Анын алкагында облустагы Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы жана Ала-Бука райондорунун жашоочуларына 16 даана кургаткыч берилген.

Алма, өрүк, алча, кара өрүк, долоно сыяктуу жемиштерди кургатуудан тышкары, даяр продукцияны эко-баштыкка ороп, сатыкка даярдоого да шарттар түзүлгөн.

Кургатылган мөмө-жемиштер бир гана сатыкка чыкпастан, аны майдалап момпосуй өндүрүүчү да фабрика ачылган. Анда адамдын ден соолугуна керектүү азыктардан экологиялык таза момпосуйлар жасалып, сатыкка чыгууда.
Түрдүү кургатылган мөмө-жемиштерден аралаштырылып жасалган момпосуйлар жаш балдар үчүн дүкөндөн даяр сатып алганга караганда витаминдүү, табигый келип, иммунитетти көтөрөт дешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан