"Клипмейкер болбосом, жүк ташыган айдоочу болмокмун". Оператор Эрнист Сыдыков 34 жашка чыкты

Бүгүн, 11-август клипмейкер, оператор Эрнист Сыдыков 34 жашка чыкты.

Ал көпчүлүк кыргыз эстрада жылдыздарынын клиптерин өзгөчө сюжеттик окуялары менен тартып келет.

SUPER.KG порталы клипмейкерди өздүк майрамы менен куттуктап, балалыгы, чыгармачылыгы туурасында маек курду.

Клипмейкер болбосом, жүк ташуучу унаанын айдоочусу болмокмун

- Мен 1989-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулгам. Балалыгым Ноокатта өттү. 6-7-9-классты Бишкекке келип окудум. Жогорку класстарда кайра айылга барып, чоң энемдин колунда болдум. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Төртөө тең уул, мен эң улуусумун.

Оператор, клипмейкер болом деген ой менде такыр жок эле. Айылда мал карап эле жүргөн кезимде бир агам "мал багып эле жүрө бербей, той-топурларды тартпайсыңбы" деп камера алып берген болчу. Ошондо камераны биринчи жолу көрүп, кассетага тартып, видеомагнитофонго коюп алып телевизордон көргөндө таң калгам. Аябай кызыгуум пайда болуп 8-класстан баштап айылдагы тойлорду тартып баштагам. Атам айылда жүк ташуучу болуп иштечү. Мен дагы анын жолун улап, ошондой кесипти аркалагым келчү. Бирок камераны көргөндөн кийин ал оюмдан дароо кайттым.

Сабактан кийин классташтарымды клипке тартчумун

- Ошол кезде шоу-бизнесте Замир Мырза, Темир Назаров жаңы чыгып, эстрадада чоң жаңылык болгон эле. Алардын клиптерин көрүп алып, ушундай тартса болот экен деп мен да клип тартууга кириштим. Айылдагы классташтарымды сабактан кийин тизип алып, аларды тартчумун. Мына ошондо кызыгуум абдан күчөп, жадакалса сабакка да жакшы көңүл бурбай калдым. Анан камера тартканды үйрөткөн окуу жай болот бекен деп көпкө ойлонуп жүрдүм. 11-класс учурумда Бишкектеги бир агам кино оператордук бөлүм бар экенин айтып мага сунуштап калды. Ойлонбостон сүйүнгөн бойдон борборго, азыркы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине келип тапшыргам. Беш жыл окуп, көп нерсени үйрөндүм.

Кардарларым көп

- Окуп жүргөндө кино оператору болом деп жүрчүмүн. Ошол учурда көчөдөн эле кокустан ырчы Данияр Эрматов менен таанышып калдым. Ал ырдайм деп калды, ошентип Чыңгыз деген досумдун камерасын алып, Даниярга клип тарттык. Чынында жакшы чыкты. Кийин дагы тарттым. Ушинтип байма-бай тарта берип, бул күнгө чейин кардарларым үзүлбөй келет. Жок жерден эле клипмейкер болуп кеттим. Бирок кесибим боюнча кино оператормун.

Сюжеттик окуялар менен клип жаратам

- Көпчүлүк учурда өзүм ырды угуп көрүп, анан ага сценарий жазам. Ар бир клипмейкердин өзүнүн тартуу стили бар. Байкасак, угармандарына жараша ырчылардын да өз стили болот. Клипмейкерлердин да түрлөрү бар. Мен көбүнчө сюжеттик окуялар менен клип жаратам. Алгач ырга маани берип угуп, ичине кирип, ар кандай окуялар менен элестетип көрөм. Калп айтпасам, бир ырга 4-5 саат идея ойлонуп отурам. Кээ бирлери өздөрүнүн даяр идеясы менен келишет. Ага жараша тартып берем, бирок кичине окшошпой калат. Анан "өзүмдүн идеям менен болсо башкача болмок" деп калам.

Плагиат эмгектерге каршымын

- Плагиат деген тээ мурунтан бери эле келе жаткан нерсе. Мисалы, ырчылар, саясатчылар, жадакалса куруучулар деле бир аз болсо да идеяны башка жактан алышат. Өзүнүкүн кошуп, толуктап бир эмгекти жаратышат. Бизде деле ушундай. Мен деле чет өлкөлүк клиптен бир жери жагып калса, ошону кошуп коём. Бирок толук бойдон өзүндөй кылып тартып койсо, албетте, идеяны уурдагандык болуп калат. Буга мен каршымын.

Досторум менен иштешкен жеңилирээк

- Кыргыз эстрадасында өзүмдүн досторум: Данияр, Нурлан, Нурмат, Алмаз менен иштешкен жеңилирээк. Анткени бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнүшөбүз. Аларды кайсы жерден кандай ырдатып, кандай кадрларды аларымды бүт билем. Бат эле тартып бүтүрүп коёбуз. Ал эми кыздар, улуу муундагы ырчы эжелер менен иштешкен бир аз кыйын.

Кино тартам деген оюм бар, бирок клиптен деле жакшы иштеп жатам. Азырынча клип жаатында эле эмгектенем. Кино тартуу боюнча максатымды буюрса келечекте ишке ашырам.

Өзгөчө клип үчүн чоң суммадагы акча керек

- Сонун идеялардын бардыгы келип эле каражатка такалат. Тилекке каршы, биздин ырчылардын бюджети 2 миң доллардан ашпай калат. 5-6 миң долларлык клиптер болсо оригиналдуу, өзгөчө эмгектер жаралмак. Буюрса алдыда андай клиптерди тартабыз деген чоң ишеничим бар. Учурда ошолордун идеясын ойлонуп жүрөм.

Дрон үчүн кайра Түркияга барып...

- Клип тартып Дубайга, Кытайга, Европага чейин бардым. Ал жак эми өзүбүздүн өлкө болбогондуктан кызыктуу окуяларга көп дуушар болобуз.

Досторум менен клип тартууга Түркия өлкөсүнө барып калдык. Бирок ал жакка дронду киргизбейт экен. Ошентип дронумду алып калышты, ансыз эле тартып келүүгө туура келди. Кийин кайра келатканда башка шаардан учканыбыз үчүн дронду бербей коюшту. Ошентип Кыргызстанга келип, Түркияга кайра барып дронумду алып келгем.

Акчабызды алдырдык деп кыжалат болгонбуз

- Бир жолу дагы Нурлан Насип экөөбүз Германияга барып калдык. Аэропорттон чыксак эле полиция кызматкерлери бизге "стоп-стоп, мани-мани" деп калды. Ошондо булар биздин акчаларыбызды алып коёт экен деп кыжалат болуп алганбыз. Акчаларыбыздын баарын чыгардык. Анан тиги полиция кызматкерлер акчаларды колдорунун учу менен менен эле санап, кайра берип, күлүп узатып коюшту. Биз түшүнгөн жокпуз. Кийин ал жактагы кыргыздардан сурасак, "алар биздегидей алып койбойт, тескерисинче силердин жашап кеткенге акчалары бар бекен деп текшеришти" дешти эле.

Чөлдөгү куюнда калып...

- Дубайда Анжеликанын "Сен ойлосом" деген клибин тартууга чөлгө барганбыз. Унаабыз келип бизди ал жакка таштап, кайра кечинде алып кетмек. Кечке маал чөлдө катуу куюн болот экен, унаабыз убагында келбей, көздөрүбүзгө кум кирип...(күлүп). Мына ушундай кызыктуу окуяларга көп кабылгам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан