Бүгүн, 11-августта белгилүү ырчы Мирбек Атабеков өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал туулган күнүн Ысык-Көлдүн жээгинде белгилей турганын билдирди.
"Туулган күнүмдү кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде күйөрмандарым менен бирге өткөрүү алдында турам. Ал жактагы барлардын биринде жеке концертим болот. Угармандарым менен биргеликте ырдап, бийлеп, кечени көңүлдүү өткөрөбүз деп ишенем", - дейт ырчы.
Мирбек Атабеков Талас облусуна караштуу Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке бара баштаган. 6-классты аяктап, Бишкекке үй-бүлөсү менен көчүп келип, №50 мектеп гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган.
Мектепти бүтүргөн соң Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, ал долбоордун финалисти болгон.
2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган. 2006-жылы Канат Култаев менен иштешип, экинчи хит ыры "Сени гана" менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.
2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Атабековдун биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.
Мирбек Атабеков “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолку “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына татыган.