Жылнаама: 14-декабрь. 2008-жылы мисирлик “Аль-Багдадия” телеканалынын кабарчысы АКШнын президенти Жорж Бушту бут кийими менен чапкан

*1920-жылы (93 жыл мурун) Пишпек шаарында сабатсыздыкты жоюу үчүн уезддик атайын комиссия уюшулган. Андан кийин аймактагы сабатсыз адамдарды мектеп партасына отургузуп, сабатын жоюп, кат таануу иштери жүргүзүлгөн. Түркстан АССРинин билим берүү наркомунда сабатсыздыкты жоюу үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын программасына ылайык, Кыргызстанда да тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. 
*1947-жылы (66 жыл мурун) акча алмашууга үлгүрбөй калган калк жапа тырмак азык-түлүк дүкөндөрүнө чабуул коё башташкан. Ошол жылы декабрь айындагы Советтер Союзунда жүргүзүлгөн акча реформасы Кыргызстанга да таасир тийгизбей койгон эмес. Реформага ылайык, эски 10 рубль жаңы 1 рублга алмаштырылып, 14-декабрда акча алмашууга үлгүрбөй калган калк жапа тырмак азык-түлүк дүкөндөргө чабуул коюп башташкан. Бул күнү Фрунзе шаарынын дүкөндөрүнө тамак-аш продуктылары токтобой, эл болгон товарды талап кеткен.
*1799-жылы (214 жыл мурун) АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон каза болгон.

*2008-жылы (5 жыл мурун) мисирлик “Аль-Багдадия” телеканалынын кабарчысы Мунтазар аль-Зейди маалымат жыйынында АКШнын президенти Жорж Бушка: “Бул сага коштошуу өбүшүүсү, ит десе!”- деп бут кийими менен чапкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан