Контрактарды «Керемет Банк» менен бирге натыйжалуу коштоо

«Керемет Банк» ААК мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контракттарды банктык коштоо боюнча кызмат көрсөтөт жана бул багытта ыйгарым укуктуу банк болуп таанылган. Ошентип, мындан ары тендерден жеңип чыккан ар бир компания «Керемет Банк» ААКга кайрылып, контракттарды аткарууда сапаттуу тейлөөгө ээ болот.

Банктык коштоо – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик заказчылары үчүн көрсөтүлүүчү банктык кызматтардын бүтүндөй бир комплекси жана ал түзүлгөн контракттарды аткарууда бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө келишимдерди банктык коштоолорду колдонуу зарылчылыгы мыйзам тарабынан аныкталган.

Банктык коштоонун максаттары:

  • Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу.
  • Сатып алуучу уюмдардын финансылык жана салыктык тобокелдиктерин минималдаштыруу.
  • Эң мыкты жыйынтыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө контракттардын ачык-айкын аткарылышына кепилдик берүү.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамдын максаты болуп туруктуу өнүгүү аркылуу калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу саналат. Бул үчүн сатып алуучу уюмдардын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу зарыл жана ал ресурстарды натыйжалуу, үнөмдүү пайдалануу жолу аркылуу максималдуу өлчөмдөгү пайдага жетишүү үчүн шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мыйзам мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаров

«Керемет Банк» ААКда банктык коштоолорду кантип пайдалана баштоо керек?

1) Эгерде Сиз жабдуучу - сатып алуулардын жеңүүчүсү болсоңуз, «Керемет Банк» ААК бөлүмдөрүндө контрактка кол коюудан мурда кадыресе эсеп ачыңыз.

2) Банктык эсеп ачкандыгыңыз тууралуу сатып алуучу уюмга кабарлаңыз жана эсебиңиздин реквизиттерин бериңиз.

3) Бардык зарыл болгон конкурстук жол-жоболорду аяктап, контактка кол коюңуз.

4) Контрактка кол коюлгандан тартып 10 күн ичинде эсебиңизди атайын эсеп режимине өткөрүңүз. Бул үчүн банктык эсеп келишимине карата Керемет Банк» ААК менен кошумча макулдашуу түзүңүз, ал атайын режимди ыйгарым укуктуу банк тарабынан банктык коштоого карата бекитилген табыштамага ылайык белгилейт (табыштаманы ыйгарым укуктуу банкка сатып алуучу уюм жөнөтөт).

5) «Керемет Банк» ААК Сизге банктык коштоо кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Төлөмдөрдү негиздөө үчүн жабдуучулар менен контракттарды бирге аткаруучулар «Документтерди кабыл алуу порталын» колдонушат. Сатып алуучу уюм жана КР Финансы министрлиги контракттарды аткаруунун жыйынтыгына «Интерактивдүү отчёттуулук» системасында байкоо жүргүзүшөт.

«Керемет Банк» ААК сатып алуучу уюмдар менен жабдуучуларга пайдалуу сунуштарды жана тейлөөнүн жагымдуу шарттарын сунуштайт. Контракттарды банктык коштоо – контракттарды аткаруу жыйынтыктарынын белгиленген пландарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө арналган. Банктык коштоо процессинде сатып алуучу уюм төмөнкүдөй кошумча артыкчылыктарга ээ болот: контракттарды аткаруу учурунда соңку абалга онлайн режиминде байкоо салууга, эсептерди статистикалоого, интерактивдүү отчётторду тариздөөгө жана эсептерге өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жүктөп алууга, ар бир контракт боюнча мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланылышына контролдук кылууга.

Керемет БанкИйгиликке сапарлаш!

keremetbank.kg

https://minfin.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан