Бүгүн Чолпон-Ата шаарында эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы старт алат

Бүгүн, 18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын III эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы старт алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багытталган ири фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Орусия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчылары катышат.

Иш-чаранын жүрүшүн Улуттук телерадиоберүү корпорациясы 3 күн бою жеринде түз алып көрсөтөт.

Фестиваль үчүнчү ирет Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал министрлер кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан