Чолпон-Атадагы "Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы жеңди

Чолпон-Ата шаарында өткөн “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы Айна Калмаганбетова жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Белгилүү болгондой, жеңүүчү баш байге катары 5 миң доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.

Биринчи орунду Руслан Асанкан (Кыргызстан, 3 миң доллар), Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр, 3 миң доллар), экинчи орунду Сарвиноз Камалова (Өзбекстан, 1,5 миң доллар) жана Надо Талевска (Түндүк Македония, 1,5 миң доллар), ал эми үчүнчү орунду Адильхан Макин (Казакстан, 1 миң доллар) жана Касиет Идрисова (Кыргызстан, 1 миң доллар) алды.

Андан тышкары, Түркиялык ырчы Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгы менен сыйланды.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-августта фестивалдын жыйынтыктоочу күнү өттү. Иш-чара 18-августта башталган. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Орусия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өттү.

Сынакка жалпысынан дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышты.

Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилүү аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан