"Профориентация" долбоору кесип тандоого жардам берет

Жайкы каникулдар аягына чыгып, мектеп окуучулары кайрадан парталарына кайтып келишет. Чоң класстын көпчүлүк окуучуларында азыр келечекте ким болуу керек деген маанилүү суроо пайда болуп жатат. Бул чечимди кабыл алууну бүтүрүүчү экзамендерге чейин калтыруунун кереги жок, себеби кесип тандоого болгон биринчи кадамды азыр жасай берсе болот.

Beeline Кыргызстан уюлдук оператору, «Билимдуу» коомдук фонду жана Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси жаш кыргызстандыктарды кесипке багыттоо боюнча акысыз онлайн-курстардан өтүүгө чакырат. Ал үчүн атайын иштетилип чыккан Beeline платформасына кирүү керек, ал жерде кыргыз жана орус тилдеринде видеосабактар көрсөтүлгөн.

Онлайн-курстар IT-тармагынан жана ишкердиктен баштап кулинарияга жана киберспортко чейинки 15 популярдуу багытты камтыйт. Обзордук сабактарды бул кесиптердин алдыңкы адистери өтүшүп, өз жумуштарынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришет.

Биринчи төрт курска жеткилик, тутумда катталбаса да, бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү. Окууну улантуу үчүн Beeline номери менен авторизациялануу зарыл. Курстарды көргөндөн кийин авторизацияланган колдонуучулар тесттик суроолорго жооп берип, мотивациялык кат жаза алышат. Бул тапшырмаларды эң мыкты аткарган катышуучулар долбоордун финалисттеринин катарына кирип, Кыргызстандын эң ийгиликтүү компанияларына экскурсияга чакыруу алышат.

— «Профориентация» долбоору — бул биздин компания өткөрө турган кеңири социалдык иштин бир бөлүгү, — деп белгиледи Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. — Анын максаты жаш муундарга талаптуу адистиктер менен жеткиликтүү форматта таанышууга жана ойлонулган тандоо жасоого жардам берүүдө турат. Бардык психолог-профориентологдор тастыктагандай, келечектеги кесип жөнүндө мектептен баштап эле ойлоно баштоо туура.

Вееline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан