Ошто "Алымбек менен Курманжан" операсынын бет ачары болот

31-августта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында "Алымбек менен Курманжан" операсынын бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, тарыхый драмада кыргыздын улуу саясий ишмерлери Алымбек датканын жана Курманжан Датканын мекенге болгон сүйүүсү, өмүрү жана кызматы баяндалат.

Башкы ролдорду Кыргыз Республикасыныр эмгек сиңирген артисти Нуржигит Асанов, Кыргыз эл артисти Бактыбек Ыбыкеев (Алымбек датка) жана Кыргыз Эл артисти Айзирек Момунова жана Бактыгүл Бокоева (Курманжан датка) аткарат.

Коюучу-режиссёр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, коюучу-сүрөтчү Кыргыз эл сүрөтчүсү Маратбек Шарафидинов, балетмейстер Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хормейстер Кыргыз эл артисти Карагул Тиленчиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан