Дүйнөлүк ырчы Тото Кутуньонун орундалбай калган кыялы, баш айланткан атактуулук жылдары (фактылар)

22-августта дүйнөгө белгилүү ырчы, композитор, ааламды дүңгүрөткөн хит ырлары менен таанылган Тото Кутуньо 80 жаш курагында каза болду. Анын"L'italiano", "Serenata", "Solo Noi", "Donna, Donna Mia" жана "Emozioni" аттуу ырлары бүгүнкү күнгө чейин популярдуу. SUPER.KG порталы бүткүл дүйнө жүзүндөгү коомчулуктун сүймөнчүгү болгон инсандын бейнесине көз чаптырып көрдү.

Тото Кутуньо 1943-жылы 7-июлда Италиядагы Тоскана аймагындагы Масса-Каррара облусунда жайгашкан Фоздиново шаарында туулган. Ага Сальваторе деген ысым ыйгарылган. Кичинекей Сальваторе музыка менен Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп, аскердик оркестрде труба черткен атасы тааныштырган. Анын артынан ал да бул аспапты өздөштүрүп, өз алдынча урма аспаптарда жана аккордеондо ойногонду үйрөнгөн.

Тото беш жашында катуу стресске кабылып, кийинки жашоосуна чоң таасирин тийгизген окуя болгон. Анын бир тууган эжеси түшкү тамактануу учурунда күтүүсүздөн каза болуп калат. Бул трагедия аны ушунчалык таң калтыргандыктан, ал шайыр жана бейкапар баладан олуттуу жана ойчул балага айланып кеткен. Ал көбүнчө ойлуу, кайгылуу жүрчү.

Ыр жазуу идеясы Кутунього Специя шаарында келген. Ал бош убактысында деңизде сүзүү жана кыялдануу менен өткөрүп, мындай романтикалык маанай жигитти өзүнүн эмоцияларын жана сезимдерин музыка аркылуу билдирүү чечимине алып келген.

Тото алгачкы жолу 13 жашынан музыкалык сынакка катышып, анда 3-орунга ээ болгон. 19 жашына чейин Кутуньо жергиликтүү музыкалык топтордо урма аспапатарда ойногон. Андан соң G-Unit ансамбли менен Финляндияга 6 айлык турга чыккан. Ал жактан келип өзүнүн "Toto e Tati" тобун негиздеген. Топ менен биргеликте Италияда гастролдорго чыгып, ыр жаза баштаган. Бул топто ал барабанчы болуп, топтун ишмердүүлүгүн ийгиликкоштоп, Carosello Records аттуу ири рекорддук компания менен келишим түзүүгө жетишкен.

Ал эми солист катары ал "Сан-Ремо" фестивалында жаңы Albatros тобунда дебют жасаган (жалпысынан бул фестивалга 15 жолу катышкан).

Биринчи чыныгы ийгилик Тото Кутунього 1977-жылы Майк Бонджорно менен бирге жазылган Donna Mia ыры менен келген. Ошол эле учурда Кутуньо Жонни Холлидэй жана Далида сыяктуу атактууларга көптөгөн ырларды жазган. Ал эми анын Адриано Челентано аткарган Soli ыры узак убакыт бою хит-параддын туу чокусунан түшкөн эмес.

1980-жылы Кутуньо "Сан-Ремо" фестивалына кайрадан катышып, Solo noi ыры менен хит-параддарда экинчи орунду ээлеп, ошол жылдын эң көп сатылган жыйырма синглинин катарына кирген.

Кутуньо "L’italiano" ырын Челентано үчүн жазган. Бирок ал бул чыгарманы аткаруудан баш тарткандан кийин, композитор өзү аткарууну чечкен.

Аталган чыгарманы да 1983-жылы "Сан-Ремо" фестивалында ырдап, ал дароо эле хитке айланган. Чыгарма миллиондогон нускада сатылып, көптөгөн музыканттар тарабынан аткарылган. Аталган сынакта 5-орунга ээ болсо да, көрүүчүлөрдүн тандоосу жана добушунун жыйынтыгы менен 1-орунду алган. Бул ыры азыркыга чейин популярдуулугун жоготпой келет.

Ийгиликтин туу чокусунда турган музыкант 1990-жылы дүйнөлүк "Евровидение" сынагына Insieme аттуу ыры менен катышып, жеңишти багындырган.

Миллиондогон айымдарды суктандырганы менен дүйнөлүк деңгээлдеги ырчынын жанында бир эле аял болгон. 27 жашында үйлөнгөн Кутуньо көп балалуу болууну кыялданган. Бирок жубайынын биринчи төрөтү ийгиликсиз болуп, ал эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат. Ага карабай ырчы жубайы менен өмүрүнүн аягына чейин өмүр сүргөн.

Ырчынын 1989-жылы туулган Нико аттуу уулу бар. Ага мураскорду стюардесса болуп иштеген айым төрөп берген. Бирок бул нерсе дагы анын жубайынын кетүүсүнө себеп боло алган эмес. Ырчы никесиз уулу тууралуу жубайына өзү айтканын, анын туура кабыл алганын, баласы алардын үйүнө барып жакын байланышта экенин айткан жайы бар.

2007-жылы Тото Кутунього рак диагнозу коюлган. Ага татаал операция жасалып, андан кийин интенсивдүү химиотерапия алып, бир нече жыл бою реабилитациядан өткөн. Ден соолугуна карабай, ал дүйнө кыдырып концерт берүүсүн токтоткон эмес. Ырчынын көзү тирүү болбосо да легендага айланган хит чыгармалары анын угармандарынын жүрөгүндө кала берери анык.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан