Бишкекте “О!Деньги” капчыгы аркылуу төлөөдө жол кире 2 эсе арзан

20-августтан тарта Бишкектин муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес эсептешүү гана колдонулат. «О!Деньги» финансылык сервиси бул демилгени колдоп, жол киреге QR-код аркылуу ар бир төлөмдөн белекке 50% кешбэк берет!

QR-код менен төлөө өтө оңой жана утуштуу:

1. «Мой О!» тиркемесин жаңыртып, «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.

2. Унаа каражатынын сыртында же ичинде жайгашкан QR-кодду сканерлеңиз.

3. Телефондун балансынан, капчыктан же байланган картадан төлөңүз.

Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин 50% кешбэк заматта бонустук эсепке кайтарылып берилет.

Топтолгон бонустар менен бонустук программанын өнөктөштөрүнөн товарларды жана кызматтарды төлөсө болот. Толук маалымат тиркеменин «О!Бонус» бөлүмүндө.

«Мой О!» тиркемесин Google Play'ден же App Store'дон жүктөп алып, «О!Деньги» капчыгы менен үнөмдөңүз.

Акция 2023-жылдын 21-августунан 20-сентябрына чейин жүрөт.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун №2021030817, №3022030817 лицензиялары. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитенти: «Дос-Кредобанк» ААК. КРУБдун №037 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан