"Жаңы спектаклдер чыгышы керек". Маданият тармагына каражат бөлүнүп, тапшырмалар берилди

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият жана искусство тармагына чоң суммадагы каражат бөлүнүп, коомдун жан дүйнөсүн байытууга багытталган бир катар талаптар коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, маданият жана искусство тармагына өлкө казынасынан 673 миллион 515 миң сом бөлүнгөн. Аталган каражат театрларда спектаклдерди коюуга, гастролдорго чыгууга, материалдык жана техникалык базаны жакшыртууга жумшалат.

Акча каражаты бөлүнгөн мекемелер:

- Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры;
- Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
- Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры;
- Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки;
- Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры;
- “Учур” мамлекеттик театры;
- Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
- Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры;
- Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;
- Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалык драма театры;
- Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы;
- Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы;
- Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры;
- Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры;
- Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры;
- Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры;
- Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры;
- Н. Шаамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры;
- Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры;
- Калык Акыев атындагы Жумгал музыкалык драма театры;
- Кочкор музыкалык драма театры;
- Кыргыз улуттук Манас театры;
- Чүй камералык оркестри.

Муну менен катар ар бир театрга коомчулукка мекенчилдик таалим-тарбия берүүчү, руханий-эстетикалык ырахат тартуулоого багытталган жаңы импровизацияны камтыган спектаклдерди (драма, классикалык опера жана балет спектаклдери ж.б.) сахналаштыруу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жаңы спектаклдерди иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Ошол эле учурда жаңы концерттик программаларды алып чыгуу, жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүнө ылайык заманбап спектаклдерди, программаларды көбөйтүү, жаштардын спорттук оюндарга кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик (патриоттук) духка тарбиялоочу жаңы цирк көрсөтүүлөрүн сахналаштыруу, курч сатираларды иштеп чыгуу сыяктуу талаптар коюлганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан