Ошто кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

Ош шаарында 30-31-август күндөрү кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Эгемендүүлүк күнүнө карата алгачкы агартуучу, ойчул, жазма акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналат. Айтыш Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.

Кыргыз акындары:

Азамат Болгонбаев;

Асылбек Маратов;

Баян Акматов;

Акматбек Султан уулу;

Изат Айдаркулова;

Кубат Тукешов;

Кутман Садыбакасов;

Чыңгызхан Кожошев.

Казак акындары:

Нурмат Мансуров;

Мухтар Ниязов;

Айшолпан Тилеутай;

Казирет Бердихан;

Аманжол Куантканулы;

Талгат Орынбеков;

Тилек Базар уулу;

Данияр Алдаберген.

"Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры, Республикалык "Айтыш" коомдук фонду, президенттин Ош жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүктөрү, ошондой эле "Молдо Нияз мурастары" коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, байге фонду 3 миллион сом экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан