"Мен айылда, үй-бүлөм Америкада...". Хит ырлардын ээси Эрлан Андашев 36 жашка чыкты

"Кечир мени", "Сүйүп кадым кантейин", "Ашыгым", "Ооба билем" жана башка хит ырлардын ээси болгон ырчы Эрлан Андашев бүгүн, 29-августта 36 жашка чыкты. Ырчы бул жылкы туулган күнүндө туулуп-өскөн айылында экенин билдирди.

"Учурда өзүмдүн кичи мекенимде эс алуудамын. Өздүк майрамым жакын адамдарымдын куттуктоолору менен башталды. Бул жолку туулган күнүм жубайым, үй-бүлөм Америкада, мен Кыргызстанда болгонум менен өзгөчөлөнүп жатат.

Азыркы убактарда жаңы ыр, клиптердин үстүндө иштеп жатабыз. Жандуу оркестр менен Ош шаарында боло турган концертке даярдануудамын", - деди ал.

Эрлан Андашев 1987-жылы 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.

"Урал моңо-2008", "Чыгыш базары-2008" эл аралык сынактарынын лауреаты Эрлан Андашев алгач “Сүйүп калдым кантейин?” деген ырды аткарып, эл оозуна алынган.
Мындан тышкары "Уяласың го", "Таарынба", "Айперим", "Сага", "Жаным", "Айылым", "Алдаба", "Ойлон", "Кайдасың" жана башка бир катар ырларды ырдаган. Жакында эле "Бул махабат" ырын элге тартуулады.
Эрлан Андашев 2020-2021-жылдары "Жылдын мыкты аткаруучу мырзасы", 2021-жылы "Жылдын мыкты композитору" номинациясына татып, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" аталган.
Он жылдай АКШда жашаган ырчы былтыр 18-августта өлкөгө келген. Ал сентябрь айында Бишкектеги спорт ордосунда алгачкы чыгармачылык концертин коюп, күйөрмандарын кубанткан.


Ал эми бул жылы да 26-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ош шаарынын тургундары үчүн концерт тартууламакчы. Учурда Андашев концерттин камылгасын көрүү менен алек.
29-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан