ПОЭТЕРАПИЯ:  "Кыялда сиз, көкүрөктө таарыныч, эриген жок сары майдай сагыныч"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Бүкадича Акимжан.

Бүкадича Акимжан 1983-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын аяктаган. 2000-2005-жылдары Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин бүтүргөн. 2005-2008-жылдары Анкара университетинде педагогика тармагында магистратураны, 2016-жылы докторантураны ийгиликтүү аяктаган. Учурда жогорку окуу жайда мугалим болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.

Ошондой эле каарманыбыз котормо менен алектенет. Кыргыз, казак, өзбек тилиндеги ырларды, прозаларды түрк тилине которот. Ырлары Мигранттар, Туран ыргактары онтологиясына кирген. Жакында эле "Сырданек" ырлар жыйнагы жарыкка чыкты.

ДӨҢГӨЛӨКТҮҮ АЯЛ

Дөңгөлөгү - турмуш жүгү моюнда,
А күнөөсү - ыйбаа-ызаат оюнда,
Эркек - улук, эркек - ыйык деп жүрүп,
Көп кордолду аял турмуш жолунда.

Дөңгөлөктүн ташы - турмуш муштуму,
Мелтиреген эне - чындык учугу.
Мерездиктер чакалаган суу болуп,
Төгүлүүдө баштан-аяк утуру.

Өлдү бүгүн... өлдү аял жүрөгү,
Муз каптады жылуу жумшак түнөгүн.
Тирүү өлүк энелерди эстетип,
Аял турат... үнсүз, ыйсыз түнөрүп.

Унчукпаган урса-соксо турмушу,
Улутунуп кайыл-дүйнө турушу.
Ушаланып уч-кыйырсыз ааламга,
"Уккула!"- дейт, ачуу чындык ушуну,-

Мен да аялмын дөңгөлөктүү дүйнөдө,
Жашайм үнсүз бул тагдырга күймөнө..."

Бул ыр учурдун ачуу чындыгы. Кыргыз аялынын учурдагы жан дүйнөсүндөгү кыйкырыгы, ыйы, муңу-арманы. Үч жыл мурда соцтармактарда дөңгөлөк моюнуна асылган, күйөөсү тарабынан сабалган аялдын видеосу желдей тарады эле. Ошондо аябай зээним кейиген. Аял менен кошо өзүм ошол дөңгөлөктү көтөрүп тургандай сезгем. Бул менин жан дүйнөмө тынчтык берген жок. Тирүү өлүк эненин элеси мени коштоп көпкө жүрдү. Анан ушул ырды жаздым. Канчалык деңгээлде чагылдырдым аны окурман өзү таразалап алар.

СҮЙДҮМ...

Сезимдин эң ыйыгын арнап сүйдүм,
Боркулдап болбогонго кайнап сүйдүм.
Ашыктык жайын уккан жыйындарда,
Ак сөзүм ырга төгүп сайрап сүйдүм.

Керемет сезим күчүн туюп сүйдүм,
Кебелбес сабыр менен муюп сүйдүм.
Кечмелик сууну көздөй чуркасаң да,
Кечирип... жүрөгүмдү угуп сүйдүм...

Кечээги санааларды кууп сүйдүм,
Кечилбес күнөөлөрүң жууп сүйдүм.
Кемитип жакшы оюмду кескилеген,
Көзүмдү кызганычка жуумп сүйдүм.

Кубанып өз териме батпай сүйдүм,
Сезимге жаман ойду катпай сүйдүм.
Сепили махабаттын ураганда,
Сенделип сезсиздиктен кайтпай сүйдүм.

Жар салып, сезимимди айтып сүйдүм,
Кырсыраак мүнөзүмдөн кайтып сүйдүм.
Кылымдык күтүүлөрдү Күнгө бербей,
Кусанын тереңинде чалкып сүйдүм.

Жанымсың...жан-тениме катып сүйдүм,
жыргалыңды бир өзүңдөн татып сүйдүм.
Жыгылган кыялымды жөлөп-таяп,
Жыпжылуу ишенимге батып сүйдүм.


***
Кучагым толбой калып кубанычка,
Канча өмүр алмашылды кусалыкка.
Томсоруп келчү жолуң карап жүрүп,
Тоодоюм , женилдим мен ызалыкка.

Толгонуп толуп ташып ыйларымда,
Чыныдай колдон түшүп кыйраарымда,
Көрүнбөс күчүң менен кучактадың,
Көнөктөп мен ааламга сыйбаарымда.

Күнүм деп мээримиңе жылынарда,
Кадамыңа кут даарып сыйынаарда,
Күтүүнү таажы кылып жылдыздардан,
Күзгө окшош күндү бердиң жылынаарга.

МИГРАНТ

Дүйнөнүн ар бурчунда шарактаган,
Метронун үнү көөнүн мазактаган,
Мигранттын жүрөгүндө муң-зары бар,
Күлсө да, күлкү ууртуна жарашпаган.

Жуурулуп дүйнө менен баратса да,
Жулунган ойлор дилди канатса да,
Журтуна өгөй болуп бир муун өсөт,
Мезгили өз өкүмүн талашса да.

Дүйнөнүн ар бурчунда шарактаган,
Бейоопа үндөр дилди мазактаган.
Мигрантты мите курттай кемирет ой,
Тумандай көңүл бугун таратпаган.

Чет жерде билим алып, четте жашап, эмгектенип жаткан ар бир мигранттын көңүлүнүн бир жеринде "мекен" деген арзуу, кусалык, сүйүү жашайт. Ошол сезимге коштой анын дилиндеги сар-санаасы, кайгы-муңу, ыйы, арманы ушул ырда камтылган. Не деген кооз жерлерде жүрбө, не деген мыкты шартта жашаба, мигранттын көңүлүндө Ата-Журт деген ыйык сезим жашайт.

ЖАМГЫРДАГЫ КУСАЛЫК

Сагынарым билип туруп тунжурап,
Кусалыгым бербедиңиз кулпулап.
Сары күздө саргайынкы маанайым,
Жолуңузду күтүп жүрөм утурлап.

Сыртта жамгыр, жүрөгүмдө кусалык,
Ойлорум да сиз жөнүндө узарып.
Үчөө бирдей нөшөрлөсө тынымсыз,
Бийлеп алат тынчымды алган ызалык.

Кыялда сиз… сыртта жамгыр… төгүлүп,
Жүрөктөгү ыйыма окшоп көрүнүп.
Кол чатырсыз жолуң күтүп турамын,
Көл-шал болуп үмүтүмө чөмүлүп.

Сыртта жамгыр… жүрөгүмдө кусалык,
Көрүшпөстөн сезим жолдон узадык.
Куйкалаган алоо оттун табында,
Ким күнөөлүү экендигин сурадык?..

Кыялда сиз… көкүрөктө таарыныч,
Эриген жок сары майдай сагыныч,
Нөшөрлөгөн жамгыр менен кошулуп,
Тамчылады мендик ойлор жарык-из…

Кыялда сиз… жүрөгүмдө күйүтүм,
Акталбаган ошол сиздик үмүтүм.
Алсыраган жандай илкип баратам,
Эстеп алып, жылмайынкы күлүшүң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан