Бир катар өнөр адамдары Эмгек сиңирген артист наамы менен сыйланды (тизме)

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам төмөндөгүлөргө ыйгарылды:

Алсеитова Чолпон Токтакуновнага – эстрада ырчысы;

Анисимова Вера Александровнага – Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетектөөчү сахна чебери;

Боронбаев Талыпжан Раманкуловичке – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисти;

Кангельдиев Джеңишбек Касымаалиевичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Карипова Мээримгул Асанкуловнага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кыргыз фольклордук тобунун артисти;

Касымов Айбек Дүйшөнкуловичке – Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблинин солисти;

Көгөева Сапина Ажыкеевнага – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисти;

Орозакунов Руслан Жолдошевичке – А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын артисти;

Рыбина Ирина Тагировнага – А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, жетектөөчү сахна чебери;

Салидинов Нурлан Азисовичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Усубалиева Алымкан Кочорбековнага – К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма тетрынын сахна чебери;

Шатманова Кукун Сайдахматовнага – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жогорку категориядагы драма артисти;

Эргешов Сайпидин Маликовичке – Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын артисти;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан