Абдылда Иманкулов Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйланды

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди. Анда бир катар өнөр адамдары Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйланды. Алдардын катарында куудул, сатирачы Абдылда Иманкулов да бар.

SUPER.KG порталы Абдылда Иманкуловдун өзүнө байланышып куттуктаганыбызда, бул жаңылыкты уга элек экенин билдирип кубанычы менен бөлүштү.

“Кайсы убакта аларымды билген эмесмин. Жайында документтериңизди тапшырыңыз дешти эле, тапшырып койгом. Бирок ушул жылыбы, кийинки жылыбы анысын билбейт элем. Туура баалагандарына, комиссиянын курамына, ким мен үчүн макул болгон болсо баарына рахмат айтам. Сыйлыктын эрте-кечи болбойт, эң негизгиси көзүмдүн тирүүсүндө алсам болду,” – деп билдирди.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлангандардын катарында төмөнкү инсандар да бар:

Исабекова Тамара Сыягуловна – Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти;

Кашкарбаева Ырысбубу – Ысык-Көл облусунун Түп райондук маданият үйүнүн ийрим жетекчиси;

Кыдырмаев Шайымбек – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Торобеков Абдыманап – Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын этно-фольклордук тобунун артисти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан