9-сентябрда "Комуз күнү" белгиленет

Бишкекте 9-сентябрда залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине карата "Комуз күнү" белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты миинстрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарада Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында көчмө көргөзмө, Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, бардык райондук маданият үйлөрүндө, кесиптик орто окуу жайларда, маданият жана искусство мекемелеринде аталган майрамдык күнгө карата иш- чаралар уюштурулат.
Эске салсак, "Комуз күнү" 2019-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Ал кыргыздын салттуу- улуттук аспабын аздектеп сактап, аны муундан – муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүү, бул өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоо максатында уюштурулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан