"Балдар үйү, жакын досун көз алдынан атуу...". Хиттердин автору Юрий Шатунов бүгүн 50 жашка чыкмак

Советтик жана орусиялык ырчы, “Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов быйыл көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак.

Ырчы 1973-жылы 6-сентябрда Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. Ал 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, кийин жетимдер үйүндө жашаган. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2 интернат-мектебине которулган.

Ырчы алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын Жаңы Жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага кош көңүл мамиле кылганы менен дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон.
Топко келгенге чейин ар кайсы маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы “Белые розы” ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай, ыр бүткүл совет элине тарап, хит ырга айланат.
Чыгармачылыктагы жолу дал ушинтип башталган Шатунов 1988-жылы “Белые розы” альбомун профессионалдык деңгээлде жарыкка чыгарат. Бул учурда ал “Ласковый май” тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен.
“Месяц июль”, “Метель в чужом городе", “Звёздная ночь”, “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу ал учурда жетекчиси Разиндин айтымында, бардыгы болуп 20 миллион долларга жакын акча табышкан.
Кийин 1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кетет. Анын кетиши менен топ дагы таркаган. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган.
Юрий Шатунов “Ласковый май” тобундагы достору Игорь Игошин менен Максим Сухомлиновдордон түбөлүккө айрылган соң, бир жылга жакын чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Досторунун бири Игорь 4-кабаттан секирип өлгөн болсо, эң жакын досу, топтун дагы бир солисти Максим Сухомлиновду Юранын көз алдында үйүнүн короосунан атып кетишкени ырчыга катуу сокку болгон. Турмуштун мындай сынагынан кийин ырчы бул убакыт аралыгында унаа сатуу менен алектенип жүрүп, кийин кайрадан чоң сахнага кайтып келген.
2015-жылдын 23-февралында Шатунов "Звуковая дорожка" сыйлыгын тапшыруу аземинде орус шоу-бизнесин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланган.
Ал каза болгондон кийин 2022-жылы "Жылдын ыры" фестивалында поп-музыканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Шатуновго сыйлык ыйгарылган.
Белгилей кетсек, ырчы 2022-жылы 23-июнда 48 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган. Анын сөөгү Троекуров көрүстөнүнө коюлуп, акыркы сапарга узатуу зыйнатында ырчынын жакындары жана күйөрмандары ак розалар менен узатышкан.
Кечээ 5-сентябрда Москва шаарында Шатуновдун 50 жылдыгына карата мүрзөсүнө эстелик орнотулган. Бүгүн эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү.
6-сентябрдын жылнаамасы.
видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан