“Сүйүү өлбөсүн, сүйүшкөндөр өлбөсүн”. Улуттук драма театрда “Ромео Джульетта” спектакли коюлду (видео)

12-сентябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Уильям Шекспирдин “Ромео Джульетта” спектакли коюлду. Аны Жамал Сейдакматова атындагы “Туңгуч” жаштар театры тартуулады.

Спектаклге биринчи айым Айгүл Жапарова жана бир катар маданият өкүлдөрү келишти. Алгач көрүүчүлөргө спектакль тартууланган соң Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, чыгармачыл топко гүл десте берди.

“Мамлекетти жок кылгың келсе маданиятты жок кыл дейт. Ошол үчүн биз ар тараптуу жаштарды колдошубуз керек. Мен чын дилимден ишенем, эгер биз ушундай жаштарыбызды, долбоорлорду колдосок, биздин сахнада Бакен Кыдыкеевадай, Таттыбүбү Турсунбаевадай, Сүймөнкүл Чокморов, Советбек Жумадыловдой чыгаан актёрлорубуз чыгат деген терең үмүтүм бар. Заманга жараша интернет майданында, виртуалдык жашоодо жашап калган жаштарыбызды ушундай спектаклге кызыктыруубуз абзел”, - деди Жапарова.

Ошондой эле ал чыгармачыл топко ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

Спектаклде каармандын образын ачып берүү үчүн чач жасалгасын өзгөрткөн актёр Болсун Расулбеков чоң сахнада Шекспирдин чыгармасына роль аткаруу чоң сыймык экенин билдирди.

Шекспирдин чыгармасына роль жаратканыма өзүмө чын жүрөктөн ыраазы болуп, сүйүнүп жатам. Чынында образды ачуу кыйын болду, ал үчүн чач жасалгамды өзгөрттүм. Чачымды эки жолу күйгүзүп, эки жолу боёдум. Мындай чач менен баштан баш кийим түшкөн жок (күлүп).
Мурун студент кезде спекталде ойночумун. Азыркы менен чоң айырмасы бар. Бул жерде чоң-чоң артисттерибиз ойногон да. Ошолордой болуп дал ушул жерде роль жаратуу чоң сыймык болду. Мындан ары да кандай роль аткаруу керек болсо, болгон тобокелчиликке барганга даярмын. Анткени бул биздин кесип, чыгармачылык менен жашайбыз” - дейт ал.

Ал эми баш каарман болгон Ромеонун ролун аткарган актёр Өмүрбек Израилов спекталге даярдануу 7 айды талап кылганын айтты.

“Аябагандай көп даярдыктар болду, 7 айдан бери ушул чыгарманын үстүндө иштеп жатабыз. Бардыгы заманбап жасалды, баары жаңы.
Керемет коллектив, керемет режиссёр менен иштешүү ар бир эле актёрдун кыялы болуш керек. Ошол кыялыбыз ишке ашып отурат”, - деди актёр.

Спектакль дээрлик 2 саатка созулду. Ага режиссёрлук кылган өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров болду.

Белгилей кетсек, “Рамео Джульетта” спектакли 13-14-сентябрь күндөрү да кечки саат 18:30да коюлмакчы.

Улуттук драм театрда “Ромео Джульетта” спектакли коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан