Бишкекте КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү (фото)

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында КМШнын Жаштар симфониялык оркестринин концерти өттү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, оркестрдин негизги курамын Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык оркестри түздү. Көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Рахатбек Осмоналиев, дирижердук пультта Орусиянын Эл артисти, "Шериктештик жылдызы"сыйлыгынын лауреаты болгон Сергей Скрипка жана Түркмөнстандын жаш дирижеру Расул Клычев болду.

“Шериктештик жылдызы” сыйлыгынын лауреаты, Азербайжандын эл артисти Динара Алиева, жана дагы бир “Шериктештик жылдызы” сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Азамат Желтыргузов жана Кыргызстандын “Акак” комузчулар ансамбли көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Маалымат катары: Оркестрди түзүү МГКФтин маанилүү долбоорлорунун бири болуп саналат. Оркестр жамааты биринчи жолу 2007-жылы чогулган. Анын курамына салттуу түрдө Шериктеш мамлекеттердин жаш музыканттары, беделдүү музыкалык сынактардын жеңүүчүлөрү кирет. Көп жылдар бою белгилүү дирижёрлор Юрий Симонов, Владимир Спиваков, Василий Валитов оркестрге жетекчилик кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан