Бишкекте Эл аралык адабий жана композиторлор музейлер комитетинин конференциясы өтүүдө

Бүгүн, 14-сентябрда Улуттук тарых музейинде Эл аралык адабий жана композиторлор музейлер комитетинин конференциясы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага расмий өкүлдөрдөн сырткары ЮНЕСКОнун, ИКОМдун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк музей адистери катышууда.
Жыл сайын Бишкек жана Ысык-Көлдө өтүүчү бул конференция 17-сентябрга чейин уланып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналууда.
Конференцияны алкагында эл аралык кызматташтыктын перспективалары боюнча семинарлар, пленардык дискуссиялар, тематикалык секциялардан тышкары катышуучулар үчүн атайын маданий программа даярдалган. Анда тарыхый-маданий эстеликтерин көрүү, уникалдуу музей коллекциялары менен таанышуу, салттуу кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарга катышуу, улуттук тамактардын дегустациясы жана фольклордук музыканын концерттери болот.
Белгилей кетсек, Эл аралык музейлер кеңешинин адабий жана композиторлордун музейлеринин эл аралык комитетинин максаты изилдөө, басма иштери, көргөзмөлөр, адабий тарыхый-биографиялык музейлер жана композиторлор музейлери үчүн билим берүү жана ишмердүүлүктү өнүктүрүү болуп саналат. Анын мүчөлөрү жылына бир жолу маалыматтык бюллетенин алышат жана жылдык конференцияларга, бир нече жумушчу топтордун иш-чараларына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан