Орусиянын белгилүү ырчысы Игорь Николаев оор абалда ооруканага түштү

Бүгүн, 15-сентябрда Орусиянын белгилүү ырчысы Игорь Николаевдин ооруканага жаткырылганын аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты. Ырчы жүрөк оорусунан улам Москвадагы ооруканалардын бирине тез арада жеткирилген.

Белгилүү болгондой, ырчы жандандыруу бөлүмүндө жатат. 63 жаштагы композитордун абалы оор деп бааланып, анын жаңы операцияга муктаж экени кабарланды.

Январь айында Николаев жүрөгүнө операция жасаткан – ага эки стент коюлган. Дарыгерлердин айтымында, музыкант акыркы бир жыл ичинде бир нече жолу инфаркттан жабыркаган.

Кышында композитор ден соолугуна тынчсыздануунун кереги жок экенин айткан. Анткени ал сергек жашоо образын кармана турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан