Түркияда кырсыкка кабылган экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

Түркиянын Мендерес аймагында кырсыкка кабылган тик учактын бортундагы экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, учурда каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат.

Эскерте кетсек, кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө орун алган.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөн.

Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгону айтылган.

Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Ал азыр ооруканада жатат, абалы туруктуу.

Буга чейин бир кыргызстандыктын сөөгү табылганы кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан