"Килем, сим карта беришип...". Криштиану Роналдуну Иранда өзгөчө тосуп алышты (видео)

Кечээ, 18-сентябрда белгилүү футболчу Криштиану Роналду ойногон "Аль-Наср" клубу Азия Чемпиондор Лигасында алгачкы тайпалык оюнун көрсөтүү үчүн Иран өлкөсүнө барышты.

Маалым болгондой, "Аль-Наср" клубу бүгүн, 19-сентябрда ирандык "Персеполис" клубу менен оюн өткөрөт.

Бирок оюндан дагы ирандыктарга португалиялык чабуулчунун келгени кызыктуу болду. Ага алгач аба майдандан "Персеполистин" оюнчулары килем белекке беришти. Андан соң аталган клубдун президенти Реза Дарвиш Роналду менен анын командасына чексиз интернет камтылган сим-карта берүүнү убада кылды. Себеби Иранда интернет колдонууга тыюу салынган. Миңдеген сайттар жана бардык негизги мессенджерлер бөгөттөлгөн. 2022-жылдагы нааразылык акцияларынан кийин Instagram жана WhatsApp социалдык тармактары да бөгөттөлгөн.

Ошондой эле басылмалардын маалыматына караганда, оюн жакында гана реконструкциялоо үчүн жабылган "Азади” стадионунда болот. Ошол себептен оюн көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн экени айтылууда. Айрым талдоочулар бийлик мындай кадам аркылуу аялдарды мелдешке киргизбөө үчүн жасап жатканын айтышууда.

Иранда Роналдуну тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан